Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору тармактын жаңы жылдык түндөгү жогорку жүктөмдөргө даяр экендиги жөнүндө маалымдайт. Компаниянын техникалык адистери масштабдуу иштерди жүргүздү жана тармакты даярдашты. Бул кыргызстандыктарга тармакта чалууларды ыңгайлуу жасоого, билдирүүлөрдү алууга жана жөнөтүүгө, сүрөт жана видео материалдар менен бөлүшүүгө жана майрамдык эс алуу күндөрүндө мобилдик телеберүүнү көрүүгө мүмкүндүк берет.
Компаниянын техникалык адистери маалыматтарды берүү каналдарын, ошондой эле шаарлар аралык жана эл аралык байланыштар каналдарын кеңейтүү боюнча бир катар иштердин комплексин жүргүзүштү. Мындан тышкары, майрамдык күндөрдө адистердин кошумча кезметчилиги уюштурулду.
«Биздин техникалык адистер бүтүндөй 2016-жыл бою байланыш сапатын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүштү. Биз декабрда, салт болуп, калгандай тармакка кошумча тууралоолорду аны жаңы жылдык экстрималдык жүктөмдөргө даярдоо үчүн уюштурдук. Ушунун натыйжасында, абоненттер бири бирине бат чалышып, билдирүүлөрдү жүктөмдөр күчөп турган сааттарда да кечиктирбестен жөнөтө алышат. Жаңы жылдык түндө да, башка бардык майрамдык эс алуу күндөрүндө да кыргызстандыктар өз жакындары жана туугандары менен баарлашуудан ырахат ала алышат!», — деп О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко белгиледи.
О! мобилдик оператору бардыгыңыздарды келе жаткан майрамдар менен куттуктайт!

«Мой О!» менен Globus, SPAR жана «Народный» дүкөндөрүндөгү декабрь айындагы соодаларга 7%га чейин кешбэк
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store дүкөндөрүндө күздүн башкы арзандатуусу: 75% чейин жеңилдиктер

O!Store дүкөндөрүндө Xiaomi жана Samsung смартфондору ноябрдын аягына чейин 18% арзандатуу менен

Ноябрдын аягына чейин үлгүрүңүз: «Мой О!» менен супермаркеттердеги кешбэкти 7%га кантип жеткирсе болот?
Бардык жаңылыктар