Кыргызча
10 апреля 2025

Акыркы жаңылыктар

O!Store туулган күнүнүн урматына супер белектерди тартуулайт!

O!Store туулган күнүнүн урматына супер белектерди тартуулайт!

2-апрелинен 22-апрелине чейин өтүп жаткан конкурска сиз да кошулуңуз!

Бүгүн электроника товарларын сатуу боюнча дүкөндөрдүн ири тармагы болгон O!Store өзүнүн 9-туулган күнүн белгилөө менен, расмий @ostore.kg Instagram баракчасында 2025-жылдын 2-апрелинен 22-апрелине чейин өтүп жаткан конкурстун алкагында белектерди берип жатат. Сиз да кошулуңуз!

Конкурс_9 подарков_600x340.png

 

9 жылда кандай өзгөрүү болду?

 

Бул мезгил аралыгында O!Store мобилдик байланыш абоненттерин катардагы тейлөө түйүндөрүнөн санариптик кызматтардын заманбап борборлоруна чейин чоңойду. Дүкөндөрдөн кийинкидей кызматтарды ала аласыз:

 

  • О! мобилдик байланышы менен интернетин кошуу;

  • Saima зымдуу интернетин кошуу;

  • O!Bank банк картасын жолжоболоштуруу;

  • дүйнөлүк бренддердин смартфондорун, роутерлерди, винглдерди, мобилдик түзүлүштөр үчүн кабелдер, өткөргүчтөр, адаптерлер, акустикалык колонкалар менен кулакчындар сыяктуу аксессуарларды, саркеч рюкзактар менен бананка-сумкаларды, портативдик заряддоочу түзүлүштөрдү, «Акылдуу үй» системасы үчүн түзүлүштөрдү жана башка көптөгөн пайдалуу буюмдарды жагымдуу шарттарда сатып алуу;

  • чоң суммадагы товарларды чакан бөлүктөр менен ыңгайлуу төлөш үчүн O!Bank аркылуу бөлүп төлөөгө алуу.

 

Бүгүнкү күндө көптөгөн кызматтарды үйдөн чыкпай эле, «Мой О!» супер тиркемеси аркылуу онлайн алуу мүмкүнчүлүгү бар болсо деле, O!Store О! экотутумуна эң башкы жол көрсөткүч бойдон калууда.

 

Керектүүнүн баары бир эле - Сиз үчүн ыңгайлуу жерде.

 

Мурун SIM-картаны алмаштыруу же тарифке байланыштуу маселени чечүү үчүн атайын шаардын борборуна барыш керек эле. Ал эми шаардын четиндеги айылда жашасаң – өзүнчө эле бир көйгөй болчу. Азыр бардыгы өзгөргөн: Кыргызстандын ар бир чоң шаарында гана эмес, чакан айылдарында да O!Store бар. Тармактын 110 филиалы иштейт.

 

Артыкчылыгы эмнеде?

 

Эң негизгиси – убакытты үнөмдөө. Кайда барыш керек экендиги тууралуу ойлонбойсуз – жакын жерде O!Store сөзсүз бар. Геолокацияны күйгүзүп, «Мой О!» тиркемесин ачып, «Кеңселердин жана терминалдардын картасы» бөлүмүнө кирсең эле, карта жакынкы филиалды көрсөтүп берет.

 

Бул жерде адамдар жогору бааланат

 

O!Store – бул жалгыз эле дүкөндөр тармагы эмес, жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары. 8 жылдын ичинде O!Store жүздөгөн адистин сүйүктүү жумушуна орношуусу үчүн жардам берип, учурда алар менен сыймыктанып келет. Эң башкысы – бул жерде ар бир адамды өзгөчө көңүл буруп тосуп алышат жана маселени чечүүгө жардам беришет. Анткени жакшы маанай жана кардарларга кам көрүү – эреже жана иш алып баруу стили.

 

O!Store өзгөрүүдө, кыйла ыңгайлуу, жакын жана пайдалуу болууда. Бул жөнөкөй эле дүкөн эмес – бул санариптик дүйнө боюнча ар дайым жаныңда болгон гид.

 

O!Store – дүкөндөн дагы чоң мүмкүнчүлүк.

Остор_1.jpgОстор_4.jpg

КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. № 16-0062-КР, 16-0063-КР лицензиялары.

 «О!Банк» ААК. КРУБ 17.09.2024-ж. №044 лицензиясы. Кененирээк: obank.kg