О!дон чет өлкөгө саякат үчүн роуминг – пайдалуу жана супер ыңгайлуу

28.10.2022

Алдыда кыргызстандыктарды каникулдар күтөт: балдар биринчи чейректен кийинки эс алууга чыгышса, чоңдор – 7- жана 8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилешет. Чет өлкөгө барып эс алууну каалагандар үчүн эң негизги шарт – жакындар же иш өнөктөштөрү менен байланышты жоготуп албаш үчүн өз номеринде байланышта болуп туруу. Эгер сиз дагы эле О! абоненти боло элек болсоңуз, анда дароо азыр түйүнгө которулганыңыз жакшы, себеби бул абдан ыңгайлуу жана супер пайдалуу!

1 МБ – болгону 1 сом

О! Мобилдик операторунан роуминг өтө пайдалуу болгондуктан, аэропорттон Wi-Fi же тааныш эмес оператордун симкаларын издеп убара болбойсуз. О! роумингинде Түркияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда жана дагы кыргызстандыктар көп барган 13 өлкө: Таиланд, Вьетнам, Грузия, Украина, Армения, Беларусь, Кытай, Сауд Аравиясы, Испания, Бельгия, Дания, Люксембург, Кувейт өлкөлөрүндө 1 МБ интернет – болгону 1 сом.

1 МБ интернет эмнеге жетет?

1 МБ интернет-трафик мессенджерлерден болжол менен 50 билдирүү жиберүүгө, же болбосо WhatsApp же Telegram аркылуу 2 мүнөт сүйлөшүүгө жетет. 1 сом менен чаттан орточо «оордугу» 200 килобайтка жакын 5 сүрөт жибере аласыз. Бул болсо, интернетти фанатизм менен эмес, «оор» контентти көчүрбөстөн колдонгон учурда жакындарыңыз менен байланышка чыгууга же мессенджерлердин биринен ишиңизге байланыштуу маселелерди чечүүгө жетишесиз дегенди түшүндүрөт.

Чет өлкөгө барар замат байланышта болуу үчүн азыр акысыз кошуп алыңыз. Кызмат эч кандай абоненттик төлөмдү талап кылбайт, компаниянын кеңсесине да баруунун зарылдыгы жок, болгону *997# акысыз буйрутмасын терүү же «Мой О!» тиркемесинен активдештирүү баскычын басуу жетиштүү.

Роумингден кантип үнөмдөсө болот: мини - кеңеш

Күтүүсүз чыгымдарга жол бербеш үчүн жөнөкөй аракеттерди аткарыңыз – мобилдик маалыматтар аркылуу тиркемелердин автожаңылануусун өчүрүп коюңуз, антпесе смартфонуңуз өз алдынча интернетке кирип, аларды жаңылап турат.

О! роуминги сизге камкордук кылат, чет өлкөдө жүргөн кезде балансыңызда каражат таптакыр калбай калган учурда деле акысыз SMS-билдирүүлөр жакындарыңызга сизде баары жайында экендиги тууралуу кабар берип турууга жардам берет.

roaming-ussd-kg.png

Саякатчылар үчүн бардык жерлерде О! техникалык колдоосу күнү-түнү иштегени жана ырастоолор боюнча жардам берүүгө даяр экени абдан ыңгайлуу. Роумингде О! абоненттери көп маселелерди төмөнкүдөй атайы буйрутмалар аркылуу ыкчам жана акысыз чечип ала алышат:

роумниг 1 КГ.png

996 705 700 700 WhatsApp номери боюнча 24/7 онлайн-колдоо ар дайым жеткиликтүү.

Кошумча маалыматты www.o.kg сайтындагы «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн алууга болот.


Тизмеге кайтуу