Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору жогорку ылдамдыктагы LTE-технологияга суроо-талаптын кыйла жогорулагандыгын белгилейт.
4G-технологиянын ѳсүп келе жаткан популярдуулугунан улам, оператор иштеп жаткан тѳртүнчү муундагы тармактын камтуу аймагы менен кѳлѳмүн ѳлкѳнүн ири шаарларында активдүү ѳстүрүп, майда калктуу жерлерде камтуу аймагын кеӊейтүүдѳ. Натыйжада,4G LTE ылдамдыктагы мобилдик интернетти бүгүнкү күндѳ Кыргызстандын жалпы калкынын 97%ы колдоно алат. Бул болсо, бир гана ѳлкѳ боюнча эмес, ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында дагы рекорддук кѳрсѳткүч болуп эсептелет. Бир жума мурун мобилдик оператор түндүк региондогу аткарылган иштер тууралуу отчет берди, кезекте түштүктѳгү областтарда модернизациялоо иштери турат:
Жалал-Абад областында: Жалал-Абад, Кара-Кѳл, Ташкѳмүр, Майлуу-Суу, Токтогул шаарларында, Кѳк-Таш шаарчасында жана Сейит-Казы, Кара-Жыгач, Бел-Терек, Тоскоол, Кара-Булак, Кызыл-Ѳзгѳрүш, Камыш-Башы, Кош-Таш, Аӊ-Арык, Терек-Суу, Кызыл-Кѳл, Саты, Урумбаш, Чон-Арык, Семет, Сары-Кашка, Таш-Булак, Сары-Талаа, Абдраимов, Массы, Сузак, Благовещенка, Мундуз, Куйбышев атындагы (Бала-Чычкан), Арал, Жаӊы-Жол айылдарында.
Ош областында: Ош, Кара-Суу, Ноокат, Ѳзгѳн шаарларында, Бек-Жар, Кызыл-Ордо, Кеӊеш, Гүлчѳ, Сары-Могол, Дыйкан-Кыштак, Керме-Тоо, Кыргызстан, Чек-Абад, Араван, Кара-Кулжа, Нариман, Султан-Абад, Киров атындагы, Ѳзгүр, Жапалак, Кашгар-Кыштак, Отуз-Адыр, Эркин, Октябрь, Садырбай, Жаӊы-Базар, Дѳӊ-Булак, Бакмал, Кара-Дарыя айылдарында.
Баткен областында: Исфана, Кызыл-Кыя шаарларында, Интернационал, Жеӊиш, Алга, Коргон-Таш, Жаӊырык, Табылгы, Орозбеково, Арпа-Сай, Кара-Дѳбо,Үч-Коргон, Какыр айылдарында.
Лидерден 4G интернетке туташ!
О! тармагынын камтуу картасы www.o.kg сайтынын «Камтуу аймагы» бѳлүмүндѳ жеткиликтүү.

Кантип Кыргызстандын айыл тургундары уюлдук секилерден коркпой калышты жана буга илегилектердин кандай тиешеси бар?

Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз!

О! мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин роумингде акысыз колдонуу мүмкүндүгүн берүүдө

Аз эле убакыт калды! Жакында O!Store текчелеринен жаңы iPhone 17 орун алат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар