Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын мобилдик байланыш рыногундагы технологиялык лидер – О! мобилдик оператору абоненттерди компаниянын Facebook, «Одноклассники», Instagram, Twitter, Youtube жана Periscope-тогу расмий барактарына чакырат. Оператордун жазылуучулары компаниянын акциялары жана жаңылыктары жөнүндө алгачкылардан болуп билип турушат. Ошондой эле колдонуучуларды О!дон таанып-билүүчүлүк рубрикалар, бош орундар жөнүндө кулактандыруулар, викториналар жана конкурстар күтөт.
«Социалдык тармактардагы биздин жазылуучулардын саны - биздин барактардын натыйжалуугунун көрсөткүчү. Онлайн-консультацияга кайрылган ар бир колдонуучу бир нече мүнөттүн ичинде маселесин тез чечип алат. Биздин башкы максат – биздин ресурстарды максималдуу ыңгайлуу жана жагымдуу кылууда. Өз ой-пикириңизди айтыңыз, жаңы тарифтер, кызматтар жана бонустар жөнүндө билиңиз, акыркы окуялардан кабардар болуп туруңуз. Баса, биз сиздерге көптөгөн жаңы сюрприздерди даярдадык. Бизге кошула электердин баарына – азыр кошулууга убакыт келди!»,- деп О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Бүгүнкү күнү социалдык тармактардагы О!нун расмий барактарында 53 миңден ашык колдонуучу жазылган. Ал эми компаниянын Facebook-барагы - SocialBakers аналитикасынын эң популярдуу сервисинин маалыматы боюнча Кыргызстандын Telecom-операторлорунун арасында лидер.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!

Дүйнө жүзү боюнча байланышта болуңуз: О! операторунан саякаттарыңыз үчүн пайдалуу роуминг

Майрамды улантабыз: O!Store дүкөнүндө Honor сатып алгандарга кайрадан белектер берилет

O!Store'дун жаңы жылдык иш графиги

Кышкы каникулдар-2026: О! пайдалуу роуминги менен онлайн болуңуз
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар