Ишкерлер үчүн: Виртуалдуу ККМ – «О!Касса» тиркемесин кошул алыӊыз

25.03.2021

О! Мобилдик оператору дүйнѳнүн бардык бурчунан натыйжалуу бизнес жүргүзүүгѳ жардам берген инновациялык сервис – «О!Касса» тиркемесин тартуулайт. Тиркеме кадимки кассалык аппараттын толук функционалына ээ жана аны бардык түзүлүштѳрдѳ: ноутбукта, планшетте же смартфондо колдонуу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы токтомуна ылайык, контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу шарттары ѳзгѳрүүдѳ. Бардык уюмдар менен ишкерлер эсептешүүлѳрдү жүргүзүүдѳ кассадагы маалыматтарын онлайн режимде салык кызматына тапшырууга милдеттүү. Бул үчүн кассанын колдонуучусу менен ыйгарым укуктуу салык органынын ортосунда ортомчу – фискалдык маалымат оператору (ФМО) болууга тийиш. ФМО салык органдары менен ѳз ара аракеттешүүдѳ салык тѳлѳѳчүлѳр үчүн максималдуу ыӊгайлуу шарттарды түзүп берет жана алардын ортосунда ишенимдүү звено катары кызмат кылат.

«НУР Телеком» ЖЧК КРѲ караштуу МСК расмий ФМОлорунун реестрине киргизилди жана 2021-жылдын 1-мартынан тарта фискалдык маалыматтарды иштеп чыгуу, сактоо жана салык органына ѳткѳрүү боюнча мыйзамдарда белгиленген эрежелер менен талаптарга ылайык кызмат кѳрсѳтѳ баштады.

ФМОнун негизги функциялары:

  • ККМ аркылуу ѳткѳрүлгѳн эсептешүүлѳр боюнча маалыматты онлайн иштеп чыгуу;

  • ККМ аркылуу алынган маалыматтарды МСКна ыкчам ѳткѳрүү;

  • Маалыматтардын сакталышын камсыздоо;

  • МСКна ишкерлер менен тейлѳѳ боюнча келишимдердин түзүлүшү жана бузулушу тууралуу маалымат берип туруу.

«НУР Телеком» ЖЧК менен ФМО кызматтарын кѳрсѳтүү жѳнүндѳ келишимди азыр, 2021-жылдын 30-июнуна чейин түзгѳн учурда «О!Касса» тиркемесин акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болосуз.

«О!Касса» онлайн-сервисинин артыкчылыктары:

  • Ачык-айкындык: сиз сатуулар, товарлар, нѳѳмѳттѳр жана кассирлер тууралуу толук статистиканы кѳрѳ аласыз.

  • Мобилдүүлүк: сиз дүйнѳнүн бардык бурчунан смартфонуӊуздан эле сатууларды башкарып, кызматкерлердин иштѳѳсүн, сатууларды, нѳѳмѳттү ачуу жана жабуу убактыларын, кассадагы акча каражаттарын, кайтарууларды жана башка маалыматтарды кѳзѳмѳлдѳй аласыз.

  • Ыӊгайлуулук: электрондук чекти кардардын почтасына, мессенджерлерине жѳнѳтүп, зарыл болгон учурда мобилдик принтерден чыгара аласыз.

Сервисти «О!Касса» тиркемесин жүктѳп алып, каалаган O!Store дүкѳнүнѳн келишим түзгѳн соӊ колдоно баштасаӊыз болот. Керектүү документтердин тизмеси менен https://ofd.o.kg/ сайтынан таанышып чыга аласыз.

«О!Касса» тиркемесин https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.nurtelecom.pkkm шилтемеси аркылуу жүктѳп жана орнотуп алууга болот.


Тизмеге кайтуу