O!Store: Жаңы жылга белектерди сатып алууга жетишиңиздер

26.12.2017

Мобилдүү болуу үчүн керектүү смартфондор, аксессуарлар, пайдалуу тарифтер жана кызматтардын баары бир жерде - O!Store дүкөнүндө.  O!Store дүкөндөр түйүнү туугандарына жана жакындарына жаңы жылдык белек алуу үчүн бардык кыргызстандыктарды күтөт. Майрамдык Ациялар жүрүп жаткан кезде арзандатуулар жана бонустар менен пайдаланып калууга жетишиңиздер!

  • O!Phone 4G PRO смартфонун сатып алган учурда баланска +300 сом. Байланыш кызматынын топтому менен бирге О! Мобилдик операторунун фирмалык мыкты смартфону жагымдуу сатып алуу болот. Смартфондо жашооңузду максималдуу түрдө жеңилдете турган «Менин О!», «О!Деньги», «O!TV» сыяктуу тиркемелер жүктөлгөн. Ошентип, болгону 6 490 сомго стилдүү дизайн, эки ядролуу кубаттуу процессордун жардамы менен мыкты өндүрүмдүүлүк жана 1 ГБ оперативдик  эстутумга ээ,  2 SIM-карта  менен иштеген, 4G кармаган смартфон сатып алабыз.

  • Huawei Y3,Y5,Y7 же P8lite смартфондорун сатып алган учурда, кийинки телефонду сатып алуу үчүн 600, 700, 800 же 1000 сом арзандатуу. Логикасы жөнөкөй – ата-энеңизге, балдарыңызга же жубайыңызга телефон алып жатасызбы? Экинчисин арзандатуу менен алыңыз!

  • Чексиз экрандуу LG Q6смартфонун сатып алган ар бир киши О! түйүнүндө баланска +1000  сом алат. 15 990 сомдук орточо баа категориясындагы, флагмандын өзгөчөлүктөрүнө ээ  болгон бул аппарат балатынын алдында кимди гана болбосун кубанта алат, ал эми жагымду бонустун жардамы менен белектин ээси смартфондун бардык  мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, дароо эле мобилдик Интернеттин дүйнөсүнө сүңгүп кетет.  

  • Каалаган смартфон сатып алган учурда, аксессуарларга 50% арзандатуу алыңыз. Коргогуч айнектерди же каптарды издөө үчүн убактыңызды дан акчаңызды үнөмдөңүз. 3500 сомго чейинки бардык табитке ылайык, соккуга каршы аксессуарлардын көп түрү сатыкта.

O!Store дүкөндөрүнөн сатып алганда, бонустар менен арзандатуулардан башка сиз өндүрүүчү фирманын расмий кепилдигин, адистердин кесипкөй консультациясын жана ыкчам тейлөө аласыз. Мындан тышкары, «О!го которул + TV» популярдуу тарифтердин чегинде 50%га чейинки арзандатуу менен смартфонду насыяга да сатып алса болот. Дүкөндөрдү кыдырууга убакыт жокпу? www.ostore.kg сайтынан үйгө жеткирүү менен тапшырык кылыңыз.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.


Тизмеге кайтуу