Акыркы жаңылыктар
Балдарды интернетте коргоо үчүн конкреттүү аракеттерди жүргүзүүнүн убагы келди. Кыргызстанда жаңы өнүм - О! Мобилдик операторунун маалыматтык коопсуздук тармагындагы ири «Касперский Лабораториясы» менен бирге иштелип чыккан О! Safe Kids тиркемеси пайда болду. Ал жогорудагы маселелердин баарын чечет. Тиркеме оператордун бардык абоненттерине жүктөө жана кошуп алуу үчүн жеткиликтүү, ал эми жаңы «Переходи на О! + O! Safe Kids» тарифтеринде көрсөтүлүүчү кызматтар топтомуна АКЫСЫЗ киргизилген. Аны активдештирүү үчүн алгач O! Safe Kids тиркемесин көчүрүп алуу керек жана сиздин ата-эненин мобилдик телефонунан *234*1# буйрутмасын терүү керек.
О! Safe Kids тиркемеси Android жана iOS маркеттеринде иштейт жана төмөндөгү функцияларга ээ:
O! Safe Kids тиркемеси сиз көзөмөлдөөнү пландаган балаңыздын бардык түзүлүштөрүнө орнотулат. Баланы көзөмөлдөө шарттарын ырастоону, анын интернеттеги жана андан тышкары актидүүлүктөрүнүн статистикасын карап турууну мобилдик түзүлүштөгү O! Safe Kids тиркемесинин жардамы аркылуу же https://portal.safekids.kg/ порталынан жүргүзсө болот.
Тутум балаңыз эскертүүлөрдөн баш тартканда, коопсуз периметрдин чегинен чыгып кеткенде, кооптуу тиркемени ишке киргизгенде ж.б. почтага жана ата-эненин мобилдик түзүлүшүнө реалдуу убакытта билдирүүлөрдү жөнөтүп турат.
Сиз балаңыздын белгиленген убакытта жүрө турган уруксат берилген периметрин картадан көрсөтө аласыз. Мисалы, эртең менен мектепте, ал эми кечинде үйдө болушу керек. Эгер баланын түзүлүшү белгиленген убакытта уруксат берилген периметрди таштап кете турган болсо, сизге билдирүү келет.
Балаңыздын кирүүсүнө уруксат берилбеген сайттардын категорияларын орнотуңуз. Коопсуз издөө эң популярдуу[u1] издөө тутумдарындагы издөө жыйынтыктарынын ичинен жагымсыз контентти өчүрүп салууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер балаңыз тыюу салынган темаларга (алкоголь, наркотиктер, чоңдор үчүн ж.б.) байланыштуу маалыматтарды издей баштаса тутум сизге билдирүү жөнөтөт. Ошондой эле тыюу салынган сайттардын даректерин кол менен дагы көрсөтсө болот.
Балаңыздын смартфонду пайдалана турган убактысын чектеп коюңуз. Сиз бир күндө интернетти пайдалана турган сааттардын жалпы санын ырастап алсаңыз болот. Ошентип, эгер балага смартфонду пайдаланууга 4 саат уруксат берилсе, ал убакытты бир күндүн ичинде чектөөлөргө чейин колдоно алат. Аптанын күндөрүнө жана сааттарга ылайык ийкемдүү расписаниени түзүп алса болот. Убакыт аяктары менен тузүлүш бөгөттөлүп калат жана экранга тиешелүү жазуу чыгып калат. Балаңыз убакытты узартып берүүнү өтүнүшү мүмкүн. Мындан кийин түзүлүшкө же ата-эненин электрондук дарегине баланын сурамы келет.
Балаңыз үчүн кооптуу тиркемелерди ишке киргизүүсүнө тыюу салыңыз. Баланын түзүлүшүндө орнотулган бардык тиркеменин иштөө мөөнөтүн бөлүктөргө бөлүп коюңуз. AppStore жана Google Play маркеттеринде орнотулган курактык рейтингине ылайык, тиркемелерди жүктөөлөрүнө чектөөлөрдү күйгүзүңүз.
Балаңыздын Facebook жана VKontakte тармактарында жазгандарынан, досторунун тизмесинин өзгөргөнүнөн кабардар болуп туруңуз. Ошондой эле тутум балаңыз мүчөсү болгон шектүү топтор тууралуу маалымат берип турат. Бул бөлүмдү ырастоо үчүн баланын өздүк эсептери жана шартбелгилери талап кылынат.
https://portal.safekids.kg/ порталында, ошондой эле мобилдик тиркемеде сиз балаңыз менен туура диалог курууңузга жардам бере турган психологдордун кеңештерин таба аласыздар. Сиздин тигил же бул чектөөлөрдү орнотуу чечимиңизди балаңызга түшүндүрүүгө жардам берет. Психологдун кеңештери сизге балаңыздын социалдык тармактардагы аракеттерин же сиз каалабаган маалыматты издегенин туура кабылдооңузга жардам берет. Кеңештер ар бир курактык топторго бөлүнгөндүктөн, Сизге аларды пайдалануу жеңил болот.
O! Safe Kids тиркемеси балдарыңызды көзөмөлдөө жана коргоо үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет, бирок жалаң гана тыюулар менен балдардын көйгөйүн чечүү мүмкүн эмес экендигин белгилей кетиш керек. Алар менен көбүрөөк баарлашыңыздар, аларды укканга аракет кылыңыздар жана алар үчүн эң мыкты үлгү болуңуздар!
О! Мобилдик операторунун O! Safe Kids тиркемесин жүктөп алыңыз да, балдарыңызды интернетте коргоону бүгүн эле камсыз кылыңыз!
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Маанилүү: О! оператору коддорду сурам кылбайт жана телефон аркылуу келишимди узартпайт
FIFA CLUB WORLD CUP 2025 графиги – легендарлуу матчтар O!TV'да гана
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Жай Honor жана O!Store менен: кешбэк 1500 сом + фирмалык белектер!
Бардык жаңылыктар