Акыркы жаңылыктар
Эми мобилдик телеберүүнү колдонуучулар ата мекендик телеканалдарды: «Ала-Тоо 24», «ЭлТР», «Любимый», «ОТРК», «ОТКР Баластан», «ОТКР Маданият», «ОТКР Музыка» көрүү менен ырахаттана алышат. O!TV-ны колдонуучуларга бардыгы 130 телеканал жеткиликтүү.
21-февраль, 2017 жыл
О! мобилдик оператору O!TV телеканалдарынын тизмеси жаңыланганды жөнүндө маалымдайт. Эми мобилдик телеберүүнү колдонуучулар ата мекендик телеканалдарды: «Ала-Тоо 24», «ЭлТР», «Любимый», «ОТРК», «ОТКР Баластан», «ОТКР Маданият», «ОТКР Музыка» көрүү менен ырахаттана алышат. O!TV-ны колдонуучуларга бардыгы 130 телеканал жеткиликтүү.
O!TV мобилдик телеберүүсүн колдонуу жана сүйүктүү телеберүүлөрдү түзүлүштөрдүн экрандарынан көрүү үчүн «О!го которул» тарифтик пландарынын жаңыланган тизмегине кошулуу гана жетиштүү. Бул сунуш өзүнө мобилдик телеберүүнү гана эмес, смартфондун заманбап колдонуучусу үчүн бардык керек нерселерди – жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти, О! тармак ичинде да, өлкөнүн башка мобилдик операторлорунун номерлерине да акысыз чалууларды жана SMS камтып турат.
Мисалы, «О!го которул Чексиздик +TV Премиум» тарифинде колдонуучу үчүн бардык керек нерселер караштырылган:
Мындан тышкары, компаниянын каалаган тарифтик планындагы абоненттери мобилдик телеберүү үчүн атайын кызматты - O!TV колдоно алышат. O!TV мобилдик телеберүү менен компаниянын абоненттери мегабайттарды санабастан жана ылдамдыктын чектелиши жөнүндө кабатыр болбостон телеберүүнү көрө алышат. Мында O!TV кызматы үчүн мобилдик интернет-трафик О! тармагында тарифтештирилбейт.
Кызмат ата мекендик жана чет өлкөлүк телевизиондук каналдарды каалаган мобилдик түзүлүштөн же персоналдык компьютерден онлайн шарттамында көрүүгө мүмкүндүк берет. Ичиндеги издөөнү колдонуу менен, абонент керектүү телеканалды же берүүнү тез таба алат. Колдонуучу кызыктуу телеканалдарды кийин көрүү үчүн «Избранное» бөлүмүнө кошо да алат.
ТВ-каналдарды көрүү үчүн абонент ыңгайлуу жана көп функционалдуу O!TV тиркемесин PlayMarket жана AppStore жүктөшү керек. O!TV кызматы жөнүндө жана «О!го которул» тарифтердин жаңы тизмегинин шарттары менен www.o.kg сайтынан кенен таанышыңыздар.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Жаркыраган майрамдарга берешен арзандатуулар: O!Store дүкөндөрүндө -21%

О! бардык абоненттер үчүн 2023-жылдан бери ChatGPT'ге акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет
Бардык жаңылыктар