Акыркы жаңылыктар
«О!Деньги» төлөм тутуму финансы кызматтарын пайдалануу мүмкүндүгүн кеңейтүүдө.
Эми «Мой О!» тиркемесинен жана О! кеңири терминалдык тармагынан «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖААКнун (KICB) эсептерин, карталарын толуктоо жана кредиттерин төлөө ыңгайлуу болуп калды.
Тиркемедеги кызматтарды пайдалануу каалаган учурда онлайн-төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүндүгүн берет жана банктын бөлүмдөрүнө баруу зарылчылыгынан арылтат.
Колдонуу жөнөкөй:
Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз;
«О!Деньги» бөлүмүн тандап, «Каталог боюнча издөөнү» басыңыз;
«KICB» деп киргизип, керектүү сервисти тандаңыз жана реквизиттерди жазыңыз;
Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан төлөңүз.
Комиссия 1,5% түзөт.
Төлөө жөнүндө электрондук дүмүрчөк төлөмдөрдүн тарыхчасында сакталып калат.
«О!Деньги» аркылуу 50дөн ашык кредиттик мекеменин кредиттерин төлөөгө, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Украинанын банктык карталарына жана капчыктарына акча которууга боло турганын белгилей кетмекчибиз.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Маанилүү: О! оператору коддорду сурам кылбайт жана телефон аркылуу келишимди узартпайт
FIFA CLUB WORLD CUP 2025 графиги – легендарлуу матчтар O!TV'да гана
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Жай Honor жана O!Store менен: кешбэк 1500 сом + фирмалык белектер!
Бардык жаңылыктар