O!Store дүкөндөрүнөн катталган смартфондорду гана сатып алгыла

03.09.2024

Август айынын аягында Кыргызстанда мобилдик түзүлүштөрдүн IMEI-коддорун каттоонун жаңыланган эрежелери күчүнө кирди.

Бул 2024-жылдын 2-сентябрынан тарта КР аймагына алып келүүдө импорттоочулар тарабынан катталбаган бардык телефондор, Кыргызстандын каалаган мобилдик операторунун түйүнүнө биринчи жолу киргенден кийин 3 сааттын ичинде бөгөттөлөт дегенди билдирет.

2024-жылдын 2-сентябрына чейин телефондорду каттоонун убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу ишке ашырылды, ал каттоо үчүн 600 сом төлөп жана башка тастыктоочу документтерди бербестен соода түйүндөрүнүн сатуучуларына же сатып алуучулардын өзүнө телефонду МИСтен каттоодон өткөрүүгө мүмкүндүк берди. Бул чара мурда импорттолгон жана кампалардагы сатуучулардын телефон аппараттарын мыйзамдаштырууга жана каттоого алууга багытталган.

2-сентябрдан тарта каттоо төлөмүн төлөө жана телефонду КР аймагына ташып келүүнүн ырастоочу документтерин берүүдө уюлдук телефондор жеке жактар тарабынан жеке колдонуу үчүн телефонду алып келүүдө сайтка каттоонун стандарттык жол-жобосунан өткөндө гана каттала алат www.imei.kg (чек арадан өтүүнү каттоо учуруна чейин 30 календардык күн мурда текшерүү, же электрондук маркетплейстерде телефон сатып алууну тастыктоочу документтер).

Эгерде сиз каттоодон өтпөгөн телефонду 2-сентябрдан кийин КР аймагында сатып алган болсоңуз жана жеке максаттарыңыз үчүн алып келүүнү тастыктаган документтериңиз жок болсо, анда сиз телефонду каттай албайсыз жана каттоо жол-жобосунан ӨТӨ АЛБАЙСЫЗ, ошондуктан телефонду сатуучуга кайтарып берүүнү сунуштайбыз.

САТЫП АЛААРДАН МУРУН ТЕЛЕФОНУҢУЗДУН КАТТООСУН ТЕКШЕРИП ТУРУШУҢУЗ АБДАН МААНИЛҮҮ. Муну «Мой О!» тиркемесинде, www.imei.kg сайтында же *5656# командасын терүү менен ишке ашырууга болот.

O!Store дүкөндөрүндө – катталган смартфондор гана экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

O!Store'до бардык уюлдук телефондор КР аймагына киргизилгенде расмий каттоодон өткөн, бул өзүнө түзүлүштөрдү декларациялоону жана бардык салыктарды жана каттоо жыйымдарын төлөөнү камтыйт.

Жаңы смартфондорду активдештирүү көйгөйүнөн алыс болуңуз, түзмөктөрдү текшерилген жерлерден гана сатып алыңыз!

O!Store дүкөндөр тармагы смартфондордун бренддеринин өкүлдөрү менен түздөн-түз кызматташат, товарга кепилдик жана сатып алуунун пайдалуу шарттарын берет: онлайн тапшырык берүүдө белек интернети, пайызсыз бөлүп төлөө, белектер, акциялар.

Уюлдук түзмөктөрдү каттоо жөнүндө кененирээк маалыматты МСИ сайтынан таба аласыз www.imei.kg.

КР МТжБМК караштуу МБК лицензиясы: "НУР Телеком" ЖЧК 06.12.2016 №16-0062-КР жана №16-0063-КР


Тизмеге кайтуу