Ыңгайлуу жана жөнөкөй «О!Касса» ККМ кошуп алыңыз
Кадимки контролдук-кассалык машинаны ыңгайлуу «О!Касса» мобилдик онлайн-кассасына алмаштырып колдонуңуз.
Бул – бизнес үчүн ишенимдүү жана экономикалык жактан пайдалуу чечим болуу менен, ишкерлер үчүн абдан ыңгайлуу.
«О!Касса» онлайн-ККМ:
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын бардык талаптарына жооп берет жана маалыматты көз ирмемде эле өткөрөт;
-
кассалык операциялардын баары: сатуу, чектерди кардарларга жөнөтүү, кайтаруу, нөөмөттү ачуу жана жабуу, акча каражаттарын берүү жана салуу, аралык жыйынтыктар жана башка бардык операциялар иштейт;
-
ишкерлерге бизнесин дүйнөнүн бардык бурчунан жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Кардарлар менен эсептешүүдө накталай төлөмдөрдү, банк карталарын жана электрондук акча каражаттарын алууга болот.
Азыр келишим түзүп, «О!Касса» тиркемесин 2024-жылдын 31-майына чейин акысыз колдоно аласыз.
Сервисти кантип колдоно баштаса болот
-
O!Store дүкөндөрүнүн биринен келишим түзүңүз жана «О!Касса» тиркемесин көчүрүңүз.
-
Керектүү документтердин тизмеси менен kkm.o.kg шилтемесинен таанышып чыксаңыз болот.
Программалык «О!Касса» ККМ ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген Контролдук-кассалык машиналардын реестрине киргизилген.