Эмне үчүн Кыргызстанда 5G технологиясын бүгүндөн калбай ишке киргизүү зарыл?

22.08.2024

Бул материал – акыркы күндөрдүн «кызуу» темасы боюнча талкуунун уландысы. тКыскача айта турган болсок, Кыргызстанда 5G технологиясын ишке киргизүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга көмөкчү боло алат. Кененирээк айтсак, бул макалада «каршы» деген аргументтерге жооптор берилген.

Жакында эле Кыргызстанда байланыш операторлорунун ортосунда бешинчи муундагы түйүндү жайылтуу темасында полемика келип чыкты. О! мобилдик оператору 5G технологиясын киргизүүгө даяр экенин ишенимдүү билдирсе, телекоммуникация рыногунун башка катышуучулары инновациялардын өз убактылуулугу боюнча этияттык позицияларын билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров тарабынан санариптештирүүнү тездетүү вектору так белгиленген, ал эми бул процессти токтотуу жагымсыз натыйжаларга алып келиши ыктымал. Ошол эле учурда жаңы технологияларды жайылтуу коомдун өнүгүүсүнө жана калктын жыргалчылыгынын жогорулашына өбөлгө болмокчу.

Эскерте кетчү нерсе, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы №14-р тескемеси менен 2024-жылга карата Иш-аракеттер планы бекитилген. Пландын негизги пункттарынын биринде (230-пункт) 2024-жылдын 1-октябрына чейин тооруктар аркылуу 3400-3750 МГц радиожыштык ресурсун ишке ашыруу жолу менен 5G зымсыз тутумдарын өнүктүрүү милдети каралган.

Мобилдик байланышта жаңы муун — бул кезектеги баскыч, кандай болсо да 5G өнүктүрүлүүгө тийиш жана бул иш-аракетте кечикпөө абдан маанилүү.

О! мобилдик оператору акыркы күмөндөрдү жок кылуу менен, жаңы технологияны өркүндөтүүгө киришүүнү учурда иш-аракетке даяр жактарга өткөрүү зарыл экенин белгилейт:

5G жыштыктары боюнча аукцион өткөрүү

Кыргызстанда рыноктун 5G жыштыктарын сатып алууга даяр жана мамлекеттик бюджетке лицензиялык төлөмдөрдү аткарууга даяр катышуучулары бар. Аукционго бардык операторлор катышууга милдеттүү эмес. Учурда жаңы технологияларга инвестиция жумшоого даяр боло элек операторлор аукционго катышпай эле койсо болот.

Мисалы, Казакстанда аукцион өткөрүлүп, ага айрым телекоммуникациялык компаниялар кандайдыр бир себептерден улам катышкан эмес. Казакстан 5G технологиясын активдүү жайылтууда жана 2023-жылдын аяк ченинде аткарылган изилдөөлөр маалыматтарды жүктөөнүн орточо ылдамдыгын 70,05 Мбит/с деңгээлинде көрсөткөн. Бул болсо 4G-түйүнүнүн көрсөткүчүнө салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсе жогору. Өлкөдө 5G технологиясын жайылтуу жалпы өлкө боюнча мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгын көбөйтүүгө шарт түзгөн. Натыйжада, Казакстан Speedtest Global Index рейтингинен 23 позицияга көтөрүлүп, 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча 72-орунга чыгуу менен, Өзбекстан (2023-жылы 95-орун), Кыргызстан (100-орун) жана Тажикстан (141-орун) сыяктуу коңшу өлкөлөрдөн алдыга озуп чыккан.

Мурунку муундагы түйүндөргө салыштырмалуу, 5G технологиясы маалымат өткөрүүнүн жогорку ылдамдыктарын, кечигүүнүн аздыгын жана көп сандагы колдонуучуларды кошуу мүмкүндүгүн гана камсыздабастан, мамлекетти жана бизнести өнүктүрүүнүн жогорку натыйжалуулугун дагы камсыздайт. Ушул себептүү Казакстанда 5G санариптештирүүнүн темпин маанилүү өлчөмдө тездете алган.

Инфраструктура

Каршы жактардын аргументтеринин биринде мындай деп айтылууда: «Практикада 3G жана 4G түйүндөрүнүн иштөөсү абдан эле начар. Туташууда туруктуулук жок жана интернеттин ылдамдыгы төмөн – бул дайыма болуп келген көйгөй»

Биз кийинкидей жооп беребиз: интернеттин ылдамдыгынын начарлаганынын себеби – бүгүнкү күндө 4G өткөрүү жөндөмдүүлүгү, өзгөчө ири калктуу пункттарда, жаңы конуштарда кечки кызуу сааттарда жетишсиз болуп калууда. Калктын интернетти ири көлөмдөрдө керектөөсү күн санап өсүп жатат, жалпы трафиктин көп бөлүгүн видеоконтент ээлейт. Элестетип көргүлөчү! Кыргызстанда мобилдик оператордун ар бир абоненти бир айда орточо эсеп менен 30 гигабайт трафик сарптайт жана бул көрсөткүч барган сайын өсүүдө.

Операторлор трафиктин мындай өсүшүнө туруштук берип, мындан ары дагы саапаттуу жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздай алуулары үчүн дал ушул 5G технологияларын жайылтып, жаңы ресурсту ишке киргизүү зарыл. Азыркы тапта мамлекетте 350 МГЦ кеңдигинде даяр ресурс бош жана колдонулбай турат.  Ресурсту 5G үчүн пайдаланса болот. Бул абдан эле көлөмдүү ресурс жана операторлордун пайдалануусундагы жеке ресурсту эки эсе көбөйтүп бере алмак. Маселен, 5G технологиясы бир эле жыштык тилкесин жок дегенде 1,5-1,8 эсе натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет! Тилекке каршы аталган ресурс 1,5 жылдан бери иштетилбей турат жана мамлекеттик казынага да пайда алып келбейле, мобилдик интернеттин сапатын дагы жакшырткан жок.

5G оппоненттери интернеттин сапатынын начардыгын 4G түйүндөрүн курууну улантуу менен чечсе боло турганын айтууда. Бирок каражатты эски технологияларга жумшоо пайдалуу жана натыйжалуу болбой турганын бүткүл дүйнө жүзү жакшы билет.

2028-2029-жылдарга карата абоненттердин жана трафиктин 60-65%ын 5G технологиясына өткөрүү пландалууда. Бул болсо, сыйымдуулук 5G боюнча керек боло турганын, ал эми 4G түйүндөрү бошоп, иштетилбей каларын түшүндүрөт. Жабдуунун бул түрүнө карата КРда белгиленген пайдалуу колдонуу жана амортизация мөөнөтү 7 жылды түзөт. Демек, аукцион өз убагында өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу, мобилдик оператор инвестицияны эски жабдууларга жумшоого аргасыз болот. Ал эми бул жабдууларды 5G технологиясына өткөргөн учурда амортизацияланууга жетишпей калат. Мындан тышкары,    5G жабдуу 1 МГц сыйымдуулукка которуп эсептегенде, кыйла пайдалуу болуп чыгат. Анткени базалык станциядагы бир негизги технология - 4G түйүнүндө 20 МГц менен салыштырмалуу 5G түйүнүнөн дароо 100МГц бүтүндөй колдонулат.

Жарандар үчүн жеткиликтүүлүк

5G технологиясын жайылтуу 4G/3G/2G стандарттары боюнча иштөөнү токтотпойт. Бул иш 5G өнүктүрүүгө таасир этпестен, параллель жүргүзүлөт. Убагында 3G жана 4G ишке киргизүү ушундай эле сценарий менен ишке ашырылып, 2G камтуу зонасын кеңейтүү иштерине тоскоол болгон эмес. Тескерисинче, мобилдик интернеттин ылдамдыгы, анын ичинде айыл жерлеринде көбөйүп, Кыргызстанда мобилдик байланыш кызматтарынын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла арзандаган жана учурда деле арзан бойдон калууда.   

Потенциалдуу социалдык теңсиздик тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес. Анткени бүгүнкү күндө 5G технологиясы менен иштеген бюджеттүү смартфонду 13 миң сомдун тегерегинде сатып алса болот. Анын үстүнө 4G/3G/2G түйүндөрү иштеп жатат, сапаттуу байланыш кызматтарынан пайдаланыш үчүн сөзсүз эле 5G технологиясын камтыган смартфон алуу зарылдыгы жок.

Мындан тышкары, 2024-жылы Omdiа соңку отчётуна ылайык, 5G менен иштеген түзүлүштөрдү сатуу көлөмү жалпы смартфондорду сатуу көлөмүнүн 58%ын түзгөн. Булардын ичинен көбүнчө 250 долларга чейинки бюджеттүү моделдер сатылат. Жогорудагы пайыздык көрсөткүч жакынкы жалдарда өсүү менен, 2027-жылга карата бешинчи муундагы түзүлүштөрдүн сатылышы жалпы сатуулардын 95%ын түзө тургандыгы күтүлүүдө.

Кыргызстандыктардын телефондорун тез-тез алмаштырып, улам жаңы чыккан моделдерди сатып аларын эске алсак, бир-эки жылдан кийин эле рынокто түзүлүштөрдүн жарымынан көбүн 5G менен иштеген түзүлүштөр түзө турганын ишенимдүү айтсак болот.

Радиофобия

Радиофобия буга тоскоол боло албайт жана болбошу керек, тескерисинче: 5G жайылтуу – бул агартуу, билим берүүнү өркүндөтүү жана жарандарга маалымат берүү жаатында иш-аракеттерди күчөтүү үчүн эң сонун себеп. Бүгүнкү күндө эл электр жок жашай албайт, ал эми мындан жарым кылым мурун эле электрификацияга каршы чыгып, электр мамыларын жок кылганга аракет кылгандар да болгон. XIX кылымда фабрикалардагы тигүүчү станокторду массалык түрдө жок кылган луддиттердин кыймылы дагы болгон.

О! адистери калк менен үзгүлтүксүз жүргүзгөн иштер жакшы натыйжаларга алып келүүдө – жашоочулар үйдүн жанына орнотулган уюлдук секиге караганда күнгө күйүү кыйла кооптуу экенин түшүнүү менен байланыш кызматтарына мүмкүндүк алууда, мобилдик байланыштын жардамы менен ыкчам кызматтарды чакыруу, онлайн-билим алуу, бизнести өнүктүрүү, тезирээк жана көбүрөөк акча табуу жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ.

5G – бүткүл дүйнө жүзү умтулуп келе жаткан технология

Кыргызстандын бешинчи муундагы түйүн менен дароо эле камтыла турганын эч ким айткан жок – бул бир күндүк иш эмес. Бул бир нече этаптан турган, көп күч-аракетти талап кылуучу процесс. 5G өнүктүрүүгө канчалык эрте киришсек, Кыргызстанда технологиялык секирик ошончолук эрте ишке ашат, акырындап калктын жашоо сапаты жана жыргалчылыгы жакшыра баштайт. Жогорку ылдамдыктагы интернетти өз убагында өнүктүрүүнүн натыйжасында бүгүнкү күндө кыргызстандыктар жашоонун ар кайсы чөйрөлөрүндө эң сонун мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп отурганы көрүнүктүү мисал эмеспи. Прогресс сөзсүз болот жана дүйнө жүзүндө 5G түйүндөрүн жайылтуу өтө тездик менен ишке ашат, ал эми биз популярдуу сервистер (чечимдүүлүгү жогору видео, виртуалдуу жана толукталган реалдуулук, диагностика жана башкаруу тутумдары, смарт-транспорт, телемедицина ж.б.) өткөргүч зымдардын чырмалуусуна муктаж болгон учурларды эстейбиз.

Эң кызыктуусу, Ericsson Mobility Report отчётундагы божомолдорго ылайык, 5G жайылтуу деңгээли боюнча Түштүк Корея, Канада, Германия, Британия, Жапония, Франция жана Кытай сыяктуу алдыңкы катардагы өлкөлөрдөн тышкары, лидерлик позицияга Африка дагы жете турганы күтүлөт. Африка өлкөлөрүндө мобилдик байланыш абоненттеринин санынын кескин көбөйүшү позитивдүү экономикалык перспективалар жана түйүндүн камтуусун кеңейтүүгө багытталган активдүү чаралар менен түшүндүрүлөт. Бул добуштук байланышка, маалыматтарга жана банк иши сыяктуу негизги кызматтарга карата муктаждыктын өсүп жаткандыгы менен шартталган.

5G Кыргызстанга кандай пайда алып келе алат?

5G технологиясы жараткан мүмкүнчүлүктөргө туура баа бериш керек, алар ого эле көп: мында тасмаларды тез көчүрүп алуу жөнүндө гана кеп болгон жок. Көз ирмемде берилген жооп менен жогорку ылдамдык тактыкты талап кылган татаал чөйрөлөрдө абдан пайдалуу.

Акылдуу шаарлар. 5G шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана окуяларга ыкчам реакция кылууга, транспорттук агымдарды башкарууга жардам берет. Маалыматтарды чогултуу үчүн миңдеген түзүлүштү, маселен, видео байкоо камераларын, автоунаалардын датчиктерин бириктирип колдонсо болот.

Медицина. 5G медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эң мыкты кардиохирург Бишкекте, ал эми бейтап Баткенде болсо, дарыгер операцияны башка шаардан реалдуу мезгил режиминде жасай алат: анын ар бир аракети жасалма жол менен башкарылуучу манипуляторго өтөт. 

Жасалма интеллект күн сайын жаңы ачылыштары менен таң калтырууда. Анын жардамы менен бүгүнкү күндө китеп жазса да, белгилүү актёрлордун келбеттери менен видео жаратса да болот. Тема боюнча дүйнөдөгү чууга көз жумган болбойт, менталитетибиз менен тилдик өзгөчөлүгүбүздү эске алып, бүгүндөн калбай өнүгүүгө карай кадам шилтешибиз керек.


Тизмеге кайтуу