Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору ушул жаздын эң башкы окуясын - «О!го которул + ТВ» тарифтик пландарынын жаңы тизмегинин чыгышын колдоо үчүн «Город 312» популярдуу тобунун эксклюзивдүү конценттеринин сериясын тартуулайт.
О! мобилдик оператору ушул жаздын эң башкы окуясын - «О!го которул + ТВ» тарифтик пландарынын жаңы тизмегинин чыгышын колдоо үчүн «Город 312» популярдуу тобунун эксклюзивдүү конценттеринин сериясын тартуулайт.
О! мобилдик оператору кыргызстандыктарды баарыбыз жакшы көргөн «Город 312» тобунун концерттерине келүүгө жана замандын эң популярдуу «жандуу» топторунун биринин компаниясында унутулгус убакыт өткөрүүгө чакырат. 26, 28, 30-апрелде «Шаардыктар» белгилүү хиттерин аткарат жана Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларынын жашоочуларын күтүлбөгөн белектер менен сүйүндүрөт. Биринчи концерт 26-апрелде Жалал-Абад шаарында, андан кийин 28-апрелде Ошто өтөт, ал эми тур Бишкек шаарында 30-апрелде болуп көрбөгөн концерт менен аяктайт.
«Город 312» тобунун концертине билетти О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен акысыз алууга болот. Билет алуу үчүн эки жөнөкөй шартты аткаруу керек:
«О!го которул + ТВ» тизмегиндеги тарифтерде смартфондун заманбап колдонуучусу үчүн керектин баары – жогорку ылдамдыктагы чексиз интернет, О! тармак ичинде да, өлкөнүн башка мобилдик операторлорунун номерлерине да акысыз чалуулар жана SMS, ошондой эле сүйүктүү телеберүүлөрдү 130 телеканалдан көрүүгө мүмкүндүк бар.
О! мобилдик оператору «Город 312» тобу менен биргеликте атайын өз абоненттери үчүн компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», Twitter, «ВКонтакте» расмий барактарында көптөгөн конкурстарды даярдап койду. О!нун барагына жазыл жана сүйүктүү кумирлериңе жакын болууга сонун мүмкүндүк ал.
«Город 312» тобунун мыкты хиттери менен ырахаттануу мүмкүндүгүңүздү кое бербеңиз!


Кантип Кыргызстандын айыл тургундары уюлдук секилерден коркпой калышты жана буга илегилектердин кандай тиешеси бар?

Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз!

О! мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин роумингде акысыз колдонуу мүмкүндүгүн берүүдө

Аз эле убакыт калды! Жакында O!Store текчелеринен жаңы iPhone 17 орун алат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар