Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Бишкек шаарынын жашоочуларын жана конокторун «Бишкек Парк» соода-көңүл ачуу борборунда экинчи О!Store дүкөнүнүн ачылышына чакырат. Дүкөндүн ассортиментинде - Apple, Samsung, Xiaomi, LG жана Lenovo-нун ар түрдүү моделдери, ошондой эле заманбап аксессуарлардын чоң тандамы сунушталган. Мындан тышкары, дүкөндө О! мобилдик операторунан фирмалык 4G-түзүлүштөрдү сатып алууга мүмкүндүк бар.
О!Store – смартфонсуз жашай албаган жана заманбап жашоону жеңил кылуучу мобилдик технологияларды колдонгон зирек адамдар үчүн дүкөн. Тажрыйбалуу кеңешчилер гаджеттердин артыкчылыктарын кантип максималдуу колдонуу керектигин көрсөтүп беришет. Ошондой эле О!Store-до SIM-картаны алмаштырып, калыбына келтирип, компаниянын тарифтери жана кызматтары боюнча кеңеш алууга болот. Девайс сатып алган учурларда кардарларда товарларды мөөнөтүн узартып сатып алуу үчүн керектүү документтерди жол-жоболоштурууга мүмкүндүгү бар.
«Бүгүн биз телефондорду банк аркылуу эмес, түз эле бизден сатып алууга келишимдик чечимдерди сунуштап жатабыз. Кардар бизге келип, смартфонду текшерип, баалап көрүп, белгилүү бир убакыт ичинде акысын бөлүп төлөө вариантын тандап ала алат. Мында кардар жаңы смартфон алат жана аны менен бирге жагымдуу бонус – 30 күнгө чексиз мобилдик интернет берилет. Кош келиңиздер жана смартфондун жаккан моделин текшерип көрүңүздөр!», – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Биринчи О!Store Бишкектеги ЦУМ соода борборунда жайгашкан жана 10.00 дөн 20.00 чейин иштейт. Экинчи О!Store «Бишкек Парк» соода үйүндө 1-кабатта M1 жайгашкан. Иштөө убактысы 10.00 дөн 22.00 чейин, эс алуусуз жана тыныгуусуз.
О!Store – сенин ийгиликтүү сатып алышың!

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!

O!TV'де «Амедиатеканы» биринчи жолу туташтыргандар үчүн бир жумалык сыноо мөөнөтү бар

О! кызматтарынын бирдиктүү колдоо номерлери – 9999 жана 0700 000 999

O!Store'дон Honor белектери: телевизор же экинчи смартфон!

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
Бардык жаңылыктар