Акыркы жаңылыктар
Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык аракеттеринин кезектеги ыкмасы катталды. Такси айдоочусуна белгисиз бирөө чалып, өзүн О! мобилдик операторунун кызматкери катары тааныштырып, «SIM-картаңызды канча убакыт колдонууну пландап жатасыз – 5 жылбы же 10 жылбы? Келишимди узартыш керекпи?» деген адаттан тышкары суроо узаткан. Дал ушул учурда айдоочунун номерине код менен SMS келген жана чалып жаткан адам ал кодду айтуусун өтүнгөн.
О! мобилдик оператору расмий түрдө эскертет:
О! кызматкерлери эч качан SIM-картаны пайдалануу мөөнөтүнө байланыштуу суроо менен чалышпайт,
«номердин жарактуулук мөөнөтүн узартууну» сунуш кылбайт,
SMS менен келген цифралар менен коддорду сурашпайт.
Мындай чалууларды кардарлардын жеке маалыматтарына жана каражаттарына мүмкүндүк алуу максатында шылуундар гана ишке ашырышат.
Эгер сизге ушул сыяктуу чалуу келсе, дароо сүйлөшүүнү токтотуңуз жана эч качан, эч кандай жагдайда SMS менен келген коддорду билдирбеңиз.
Соцтармактардагы фейк жарнамалар
Социалдык тармактарда ниети бузук адамдар тарабынан компаниянын кеңсесинин алдынан тартылган жалган жарнамалар тарашы мүмкүн экендигин дагы эскертебиз. Анда пикир калтырганыңыз үчүн 400 сом беребиз деп айтылат. Жарнамада мессенджердеги жасалма каналга өтө турган шилтемени басуу жана андан ары жеке маалыматтарды киргизүү сунушталат. Компания бул фейк экендигин жана мындай акциялардын О! оператору менен эч кандай байланышпаганын баса белгилейт.
Эмне кылуу керек?
Эгер сизге шектүү чалуу келип түшсө же күмөндүү кулактандырууну көрсөңүз, дароо байланышты токтотуп, эч качан SMS менен келген коддорду билдирбөөнү жана ар кандай шилтемелерге кирип жеке маалыматтарды киргизбөөнү сунуштайбыз. Маалыматты дайыма компаниянын расмий каналдарынан текшериңиз, О! колдоо кызматы күнү-түнү иштейт:
«Мой О!» тиркемеси
Telegram: http://t.me/o_mobile_operator_bot
WhatsApp: https://wa.me/996705700700
www.o.kg сайтындагы онлайн-чат
УР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. № 16-0062-КР, 16-0063-КР лицензиясы. Кененирээк: o.kg
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы «О!Мамлекеттик» тарифи
О! операторунан Java-иштеп чыгуучулар үчүн акысыз стажировкага кабыл алуу старт алды
О! Мобилдик оператору маалымдайт
O!Store Ош шаарынын тургундарын шоу-программа жана белектер менен коштолгон жаңы филиалдын ачылышына чакырат!
O!Store аксессуарларга 34% арзандатуу тартуулайт: Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгын белгилейбиз
Бардык жаңылыктар