Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик операторунан «Кайдасыӊ?» геолокациялык сервиси – бул сиздин бейпилдигиӊиздин кепилдиги. Анын жардамы менен сиз ар дайым башка О! абоненттеринин жүргѳн жерлерин ыкчам билип тура аласыз.
Кантип колдонуу керек?
Жакындарыӊыздын жүргѳн жери сиздин сурамыӊыз боюнча аныкталышы үчүн алдын ала алардын ар биринин макулдугун алууӊуз зарыл. Сервисти «Мой О!» тиркемесинин «Кызматтар» бѳлүмүнѳн «Маалымат жана кѳӊүл ачуу кызматтары» вкладкасынан кошуп алып, издѳѳнү оӊой башкарыӊыз.
Сервисти кошуунун жана аны башкаруунун дагы бир ыкмасы бар:
Алгач *788*8#чалуу буйрутмасы менен кызматка катталыӊыз
Андан соӊ *788# терип, менюдан «Номерди кошуу» пунктун тандаӊыз;
0AAAXXXXXX форматында абоненттин номерин киргизиӊиз.
Мындан кийин адресатка анын жүргѳн жери тууралуу маалымат алып турууӊүз үчүн уруксат берүү ѳтүнүчү менен SMS келет. Ѳз макулдугун билдириш үчүн абоненттин издѳѳгѳ уруксат берилген кишинин номерин 0AAAXXXXXX форматында жазуу менен SMSке жооп берүүсү жетиштүү.
«Кайдасыӊ?» кызматы аркылуу жүргѳн жерлерин билип турууӊуз үчүн уруксат берген адресаттардын бардыгынын номерлери ѳзүнчѳ тизмеге сакталат. Сиздин тизмедеги абонент учурда кайсы жерде жүргѳнүн билиш үчүн *788# буйрутмасы менен менюну ачып, тизмеден анын номерин тандаӊыз.
«Кайдасыӊ?» – жакындарыӊыздын жана досторуӊуздун кайда жүргѳнүн билүүнүн ыӊгайлуу жана жѳнѳкѳй жолу.
Катталууну активдештиргенден кийин алгачкы 10 күн кызмат акысыз кѳрсѳтүлѳт, андан ары абоненттик тѳлѳм суткасына 3 сомду түзѳт. Жакындардын жүргѳн жерин аныктоо үчүн бир күндѳ 3кѳ чейин акысыз сурам жиберүүгѳ болот. Кызмат тууралуу кененирээк www.o.kg сайтында.
О! Мобилдик оператору – жакындарыӊызга кам кѳрүӊүз.

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар