Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору «Мобилдик китепкана» билим берүүчү кызматын ишке киргизгендиги жөнүндө маалымдайт, анын чегинде пайдалануучуларда үйдөн чыкпастан эң популярдуу чыгармаларды окууга же угууга мүмкүндүк бар. Китепканада эң популярдуу романдар, бизнес-китептер жана дүйнөлүк бестселлерлер бар. «Мобилдик китепкана» фондун орус жана чет адабияттын 36 000 жакын электрондук чыгармалары жана аудио китептери түзөт.
«Биз калктын санариптик сабаттуулугунун жогорулашына жана компаниянын кардарлары үчүн кызматтардын спектрлеринин кеңейишине көңүл бурабыз. Заманбап мобилдик технологиялар колдонуучулар үчүн бардык жаңы мүмкүндүктөрдү сунуш кылат. Ошол себептен биз жаңы кызматты сунуштоого кубанычтабыз, ал кызыктуу жана сапаттуу контентке кирүүгө жол ачат. «Мобилдик китепкана» кызматынын жардамы аркылуу абоненттер белгилүү адабий чыгармалар менен тааныша алышат. Кошулуңуздар!», — деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
«Мобилдик китепкана» кызматын колдонуу үчүн books.o.kg сайтына кирип, кызматты алдын ала *7780# буйрутмасы менен кошуп, логинди жана сыр сөздү киргизүү керек. Бул жерде мобилдик түзүлүшкө орнотулган каалаган веб-браузерди колдонууга болот.
О! мобилдик оператору алгачкы жолу кошулганда китепканага акысыз кирүү үчүн 3 күн берет. 4-күндөн тартып кызматтын абоненттик төлөмүнүн баасы күнүнө 5 сомду түзө.
«Мобилдик китепкана» жаңы кызматы жөнүндө кенен маалымат компаниянын сайтында www.o.kg и на books.o.kg.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар