Акыркы жаңылыктар
Ош жана Жалал-Абад областтарында 4G тармагын ишке киргизилиши менен О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселери жаңы график боюнча иштеп баштады. Эми Ош шаарындагы Масалиев пр. ( «Келечек» базарынын жанында), Курманжан Датка көч. 135, Курманжан Датка көч., 162 Б («Магнат» ресторанынын маңдайында) жана Жалал-Абад шаарындагы Токтогул көч., 40 («Мир» кинотеатрынын маңдайында) жаңы график боюнча – күн сайын 09:00 дөн 20:00 чейин тартып, эс алуусуз жана тыныгуусуз иштеп жатышат.
«Өлкөнүн түштүк аймактарында биздин кызматтарга болгон чоң суроо-талапты көрүп жатабыз. Ошол себептен компаниянын кардардарына ыңгайлуу болуш үчүн, биз сатуу жана тейлөө кеңселеринин иш графигин өзгөрттүк. Эми биз сиздер үчүн узагыраак иштейбиз! Кеңселерибизге келиңиз, биз сиздерге дайыма жардам, кеп-кеңештерди беребиз», - деп компаниянын аймактардагы сатуу жана тейлөө кеңселер тобунун жетекчиси Аида Карбалиева белгиледи.
Компаниянын кеңсесинен телекоммуникация кызматтарынын толук спектрин: тарифтик пландар жөнүндө билип, кызматтарды кошуп, SIM-картаны калыбына келтирип, чыгымдардын учурларын алып, байланыш кызматтарын төлөп, 4G-түзүлүштөрдү сатып алып, ошондой эле көйгөйлүү маселелер боюнча кеңеш ала аласыздар.
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда О!нун 60 ашык сатуу жана тейлөө кеңсеси иштеп жатат. Сиздин шаардагы жакынкы кеңсенин дарегин компаниянын расмий сайтынан www.o.kg билүүгө болот.

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар