Акыркы жаңылыктар

Азыркы мезгилде смартфонуң жок болсо, өзүңдү бир нерсең кем кишидей сезесиң. Ал эми кулакчынсыз смартфонду элестетүү кыйын – эти жок самсадай эле.
Ушул себептен улам, O!Store Realme смартфонун сатып алган учурда, кардарларына кулакчын белек кылат.
Акциянын мөөнөтү чектелген: 2024-жылдын 17-майынан 31-майына чейин (камтуу менен). Андыктан, конкреттүү моделди алганга жетишип калыңыз.
Realme – бул ишенимдүү жана күчтүү философияга ээ бренд жана башкаларда жок принциптүү жаңы нерселерди издегендерге сөзсүз жагат! Смартфондордун алкактары дээрлик жокко эсе. Тренддеги иммерсивдүү дисплейи эң сонун чөмүлүү таасирин пайда кылат. Мындай формат тасмаларды, сериалдарды же роликтерди көрүүнү кыйла кызыктуу кылат!
Realme – бул жаңы көрүнүш менен мыкты технологиялар. Негизги камераларда эки, ал тургай төрт объектив бар. Мүнөздөмөлөрү катардагы колдонуучуларды да, бул жаатта мыкты билгендерди да канааттандырат. Смартфондордун тышкы көрүнүшү ушунчалык кооз болгондуктан, аларды тунук каптарга гана салып жүргүң келет.
Акцияга Realme C35 4/128 GB, C25 4/64 GB, C25S 4/128 GB 2021, C33 4/128 GB, C25Y 4/128 GB 2021, C33 4/64 GB, C21Y 4/64 GB 2021, C30s 4/64 GB, C11 2/32 GB, Realme Narzo 30A 3/32 GB смартфондору катышат.
Дароо бериле турган белекти кардар акциялык кулакчындардын калган бөлүгүнөн тандап алат. Товардын саны чектелген.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар