Акыркы жаңылыктар
Социалдык тармактарда пикир үчүн 400 сом убада кылган видео тарап жатат жана аны О! мобилдик оператору төлөп берет имиш. Бул – шылуундар ойлоп тапкан кезектеги алдамчылык.
О! мобилдик оператору компания пикирлер үчүн акча төлөнө турган акцияларды өткөрбөгөнүн расмий түрдө билдирет. Тарап жаткан видеолордогу шилтемелер чоочун сайттарга киргизип, ал жактан колдонуучулардан жеке маалыматтары менен банк карталарынын маалыматтарын сурашат.
Сак болгула!
· Күмөндүү шилтемелерге кирбегиле.
· Жеке маалыматтарыңарды жазбагыла.
· CVV жана сырсөздөрдү бербегиле.
Акциялар жана сунуштар жөнүндө бардык расмий маалыматтар o.kg сайтына, Instagram баракчасына жана «Мой О!» тиркемесине жарыяланат. Эгерде жогорудагыдай окуяга кабылсаңар, анда ыкчам бөгөттөө үчүн көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча дароо Колдоо кызматына билдирүүнү сунуштайбыз.
Эгерде кандайдыр бир шектенүү жаралса, Колдоо кызматына кайрылгыла же маалыматты О! операторунун расмий каналдарынан текшергиле.
О! операторунун күнү-түнү иштеген Колдоо кызматы
WhatsApp: https://wa.me/996705700700
Telegram: @o_mobile_operator_bot,
o.kg сайтындагы онлайн-чат
Оператордун Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына катталгыла.
Кыргызстанга саякат үчүн кайсы мобилдик оператордун eSIMин тандаган жакшы
Мектепте окуган балаңызга смартфон белек кылыңыз
Баасы 3 эсе арзан, бирок ошондой эле артыкчылыктарга ээ: Honor турганда ашык төлөөнүн эмне кереги бар
5 күн калды: О! операторунун кибер коопсуздук боюнча стажировкасына жетишип кал
90 күн эмес, ар дайым! АКЫСЫЗ «Яндекс Плюс» бардык «КОМБО» тарифтеринде
Бардык жаңылыктар