Акыркы жаңылыктар

Чет өлкөдө жүрсөңүз да «Мой О!» тиркемесин ар убак колдоно аласыз.
Эми тиркеме Россиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан роумингде бардык О! абоненттерине жеткиликтүү.
Мунун жардамы менен төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз:
· Балансыңызды текшерүү, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын балансын толуктоо, интернет-топтомдорду жана башка кызматтарды кошуу.
· Акча которуу жана керектүү сервистерди төлөө.
· Казакстандан сатып алууларды Kaspi QR менен төлөө – ыңгайлуу жана комиссиясыз.
Маанилүү: Тиркеменин иштөөсү үчүн «Интернет-роуминг» кызматы кошулганын текшериңиз. Кызматты түз эле тиркемеден же *997# акысыз буйрутмасы менен кошуп алсаңыз болот. Кошкондон кийин SIM-картанын ырастоолору жаңылануусу үчүн түзүлүшүңүздү өчүрүп-күйгүзүңүз.
«Мой О!» менен жайбаракат саякаттаңыз жана кайда жүрсөңүз да финансыңызды көзөмөлдөп туруңуз.
«НУР Телеком» ЖЧКнын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. № 16-0062-КР жана № 16-0063-КР лицензиялары. Кененирээк: o.kg.
«О!Банк» ААК. КР УБ 17.09.2024-ж. № 044 лицензиясы.
Роумингде О! абоненттери «Мой О!» тиркемесин Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын аймагында колдоно билүүлөрү үчүн күн сайын 100 МБ акысыз трафик берилет. Акысыз колдонуу мүмкүндүгү ар кандай интернет-топтомдор кошулган учурда сакталып турат. 100 МБ түгөнгөндөн кийин трафик «Интернет-роуминг» кызматынын же кошулган роуминг топтомунун шарттарына ылайык тарифтелет.

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар