Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору жыл сайын өткөрүлчү «Жеңиш күнү» акциясынын башталгандыгы жөнүндө маалымдайт. О! тармагынын ар бир абоненти Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 1945 номерине SMS жөнөтүп же чалуу аркылуу жардам бере алат. Ар бир мындай SMS-билдирүүнүн же чалуунун баасы – 20 сом. Акция 2017-жылдын 21-апрелинен 11-майына чейин жүрөт.
«О! мобилдик оператору ушул жылдар бою биз менен чогуу болуп жүргөндөргө, жаңыдан бизге кошулгандарга баарына ыраазычылык билдирет. Ушул жылы О!нун абоненттери жардамын аябагандыгынан улам Улуу Ата Мекендик согуштун 73 ардагерине жардам көрсөтүлдү. Алардын ар бири колдоруна 1900 сомдон алышты. Бүгүн баатырларга жардам берүү баарыбыздын колубузда, ар бир мүнөт кымбат», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
О! мобилдик оператору 2016-жылы чогулткан каражаттарды тапшыруу жөнүндө отчетту бул жерден окууга болот: https://www.o.kg/ru/novosti/abonenty-mobilnogo-operatora-o-podderzhali-veteranov-velikoy-otechestven...
Компания үчүн акча каражаттары ардаргерлерге кепилдик менен өткөрүп берилиши маанилүү, ошол себептен акциянын жүрүшүндө чогулган бардык сумма Ардагерлердин республикалык кеңешине андан ары даректик бөлүштүрүү үчүн өткөрүп берилет. Акция аяктагандан кийин отчетту сайттан www.o.kg окусаңыз болот.

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар