Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору «Фитнес клубу» кызматы ишке киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт. Кызматтын чегинде колдонуучуга машыгуулардын эксклюзивдүү видеоконтентин көрүүгө, көнүгүүлөрдүн жеке программасын тандоого, спорттук калькуляторду колдонууга, ошондой эле пайдалуу кеңештер жана рецептер менен таанышууга болот.
Портал спорт залда машыгуу үчүн да, көнүгүүлөрдү үйдө жасоого да туура келет. Ыңгайлуу интенсивдүүлүктү, машыгуу убактысын жана режимин тандап, видео-сабактардын жардамы аркылуу көнүгүүлөрдүн туура техникасын өздөштүрүү керек.
«Фитнес клуб» порталын колдонуу үчүн fitness.o.kgсайтына кирип, кызматты *4568# буйрутмасы менен алдын ала кошуп, логинди жана сыр сөздү киргизүү зарыл. Мында мобилдик түзүлүшкө же компьютерге орнотулган каалаган веб-браузерди колдонууга болот.
О! мобилдик оператору биринчи жолу кошкондо «Фитнес клубу» кызматына акысыз кирүү үчүн 3 күн берерин белгилей кетүү керек. 4-күндөн тартып кызмат үчүн абоненттик төлөмдүн баасы суткасына 5 сом. Порталды колдонууда, ошондой эле видео көрүүдө мобилдик интернеттин трафиги акысыз жана тарифтештирилбейт.
«Фитнес клубу» жаңы кызматы жөнүндө кенен маалымат компаниянын www.o.kg сайтында жана fitness.o.kg-де.

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар