О! Мобилдик операторунун жаңы роуминг-өнөктөшү – супер пайдалуу байланыш эми Катарда

02.10.2023

Катар О! Мобилдик операторунан «1 мегабайт – 1 сом» роумингинде пайдалуу тариф иштеген 17-өлкө болду. Кызмат Vodafone түйүнүнөн көрсөтүлөт.

О! түйүнүнөн чет өлкөдө үнөмдүү интернет-тариф Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Сауд Аравиясы, Таиланд, Вьетнам, Армения, Грузия, Беларусь, Испания, Бельгия, Дания, Люксембург, Кувейт сыяктуу өлкөлөрдө бар.

Сапарга чыгардын алдында сервисти активдештирип алыңыз. Кошуу акысыз, интернет-трафикти колдонуу фактысы боюнча гана төлөнөт. Кызмат эч кандай абоненттик төлөмдү караштырбайт, оператордун кеңсесине баруу зарылдыгы да жок. Болгону *997# акысыз буйрутмасын терүү жетиштүү.

Дагы 10% үнөмдөгүңүз келеби – интернет-топтомдорду кошуп алыңыз, мындайча пландалган бюджетти ашыкча коротпой турганыңызга кепилдик берилет.

Жакындарыңыз жана иш өнөктөштөрүңүз менен байланышта болуңуз. SIM-карталарды которуп отурбай, интернетти көнүмүш режимде колдонуңуз. Интернет-роумингди «Мой О!» тиркемесинен, же болбосо кийинки буйрутмалар аркылуу кошуп алыңыз:

1000x450_roaming-tablice.png

1 МБ эмнеге жетет

1 мегабайт Сизге элүүдөй билдирүү жиберүүгө же мессенджерден бир-эки мүнөт сүйлөшүүгө мүмкүндүк берет. Алдын ала мобилдик маалыматтардан тиркемелердин автоматтык жаңылануусун өчүрүп коюңуз, антпесе смартфонуңуз өз алдынча интернетке кирип, аларды жаңылай бериши мүмкүн. Албетте, фильмдер менен көлөмдүү файлдарды «кийинкиге» калтыра турганыңыз туура болот.

Чет өлкөдө жардамчы

Саякатка чыккандардын ыңгайлуулугу үчүн баланста каражат калбай калган учурда жардамы тие турган пайдалуу буйрутмалар иштейт. Бул шилтемеден жакындарыңызга кантип кабарыңызды билдире турганыңызды биле аласыз. 996 705 700 700 WhatsApp номери боюнча О! түйүнүнүн онлайн-колдоосу 24/7 жеткиликтүү. Топтомдордун баасы КНС жана СС эсепке алуу менен көрсөтүлгөн. Кошумча маалымат менен o.kg сайтындагы «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн таанышып чыксаңыз болот.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.


Тизмеге кайтуу