Кыргызча
09 июля 2026

Акыркы жаңылыктар

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

Ыңгайлуулуктун жаңы деңгээли.

O!Store жана O!Bank кардарлар үчүн ыңгайлуулуктун жаңы деңгээлин сунуштайт. 9-июлдан тартып «Бишкек Парк» соода жана көңүл ачуу борборунда эки кызматты бириктирген, заманбап форматтагы жаңы технологиялык филиал эшигин ачат.

Эми мобилдик байланыш жана финансылык кызматтарды бир эле жерден, бир эле жолу алуу мүмкүн. Бул сизге смартфон сатып алып, аны бөлүп төлөө шартында тариздөөгө, эсеп же кешбэк менен банктык карта ачууга, ошондой эле башка керектүү финансылык кызматтарды шаар ичинде кошумча жүрбөстөн пайдаланууга шарт түзөт.

Жаңы технологиялык мейкиндиктин ачылышына карата 9-июлдан 31-июлга чейин (кошо алганда) филиалга келген кардарларды смартфон сатып алууда жайкы өзгөчө акциялар жана бонустар күтөт:

  • Жаңы смартфондорго 1 000 сом кешбэк. Каалаган смартфонду сатып алып, 1 000 сом кешбэк алыңыз. Аны дароо эле дүкөндөн чыкпай туруп, O!Store дүкөнүндөгү каалаган товарды сатып алууга пайдалансаңыз болот. Бул акция HONOR брендинен тышкары бардык смартфондорго тиешелүү.

  • Ар бир HONOR смартфонуна кепилденген белек. Белек катары пайдалуу техника жана аксессуарлар (кулакчындар, стилдүү рюкзактар, чайнектер, атайын кармагычы бар термостор) же болбосо 1 000, 3 000, 5 000 жана ал тургай 10 000 сомдук акчалай сертификаттар берилет. Аларды O!Store дүкөнүндөгү каалаган түзмөктү сатып алууга колдонсоңуз болот.

  • Аксессуарларга 20% арзандатуу. Жаңы филиалда баасы 1 000 сомго чейинки бардык аксессуарларга атайын арзандатылган баа сунушталат. Бул жайкы сапарларга жана эс алууга керектүү каптарды, коргоочу айнектерди же кабелдерди пайдалуу баада сатып алууга мыкты мүмкүнчүлүк.

  • Samsung жана iPhone смартфондоруна да атайын акциялар жарактуу.

Ачылыш күнү валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жана акча которгон кардарларга O!Bank брендинин фирмалык белектери да тапшырылат.

Сиздерди 9-июлда төмөнкү даректе күтөбүз: «Бишкек Парк» соода жана көңүл ачуу борбору, Киев көчөсү, 148, М1 кабаты.

Филиалдын иштөө тартиби: күн сайын, эс алуу күндөрүсүз, саат 10:00дөн 22:00гө чейин.

«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК алдындагы МБА 2016-жылдын 6-декабрындагы №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

«О!Банк» ААК. КРУБ 2024-жылдын 17-сентябрындагы №044 лицензиясы.