Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору фирмалык тейлѳѳ тармагын кеӊейтүүнү улантат жана Бишкекте тѳмѳнкү дарек боюнча жаӊы O!Store дүкѳнүнүн ачылгандыгы тууралуу кабарлайт:
Жаӊы O!Store дүкѳнү ѳзүнүн ачылышын 1000 сомго чейинки бардык аксессуарларга -30% арзандатуу менен белгилейт. Акция 2021-жылдын 21-апрелинен 17-майына чейин (камтуу менен) уланат.
Дал ушул учурда O!Store тармагында кѳптѳгѳн башка атайы сунуштар да каралган:
Honor флагмандарынын бирин сатып алууда – белекке фитнес-трекер берилет;
ostore.kg сайтынан смартфонго тапшырык бергенде +20 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетке ээ болосуз.
Товар сатып алганда, же болбосо балансыӊызды 200 сомдон баштап толуктаган учурда Сизге «Жазгы драйв» лотереясына катышуу үчүн билеттер берилет. Билет канчалык кѳп болсо, Hyundai автоунаасын же Tecno смартфондорунан бирди утуп алуу мүмкүнчүлүгүӊүз ошончолук жогору болот!
Каалаган смартфонду алгачкы тѳгүмсүз жана ашык тѳлѳмсүз бѳлүп тѳлѳѳ менен сатып алуу мүмкүн. Мобилдик байланыш жана интернет боюнча адистерден консультация алуу, балансыӊызды комиссиясыз толуктоо же Apple, Samsung, Xiaomi, Honor, Tecno, One Plus, Inoi, Jinga смартфондорунун кѳӊүлүӊүзгѳ жаккан моделин тандоо үчүн бизге келиӊиз. Булардан тышкары, сизди үй үчүн акылдуу түзүлүштѳрдүн ар кандай түрлѳрү, робот-чаӊ соргучтар, легендарлуу JBL-колонкалар, смарт-сааттар жана башка кѳптѳгѳн буюмдар күтѳт.
Акция боюнча товардын саны чектелүү. Сизди кызыктырган товарлар, O!Store дүкѳндѳрүнүн даректери жана башка кененирээк маалыматты 0705007000 номеринен же ostore.kg сайтынан сурап билсеӊиз болот. Лотереяга катышуунун толук шарттары drive.o.kg сайтында. Ойнотуунун расмий ѳнѳктѳшү – Hyundai Центр Кыргызстан. 04.03.2021-ж. №194 лотерея ойнотуу уруксаты. Ѳткѳрүү мезгили: 7.03.2021-ж. – 31.05.2021-ж. Бардык смартфондор тастыкталган.

Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз!

О! мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин роумингде акысыз колдонуу мүмкүндүгүн берүүдө

Аз эле убакыт калды! Жакында O!Store текчелеринен жаңы iPhone 17 орун алат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Телефон шылуундары чабуул коюуда: бүгүнкү күндөгү кеңири жайылган схемалар жана алардан коргонуунун жолдору
Бардык жаңылыктар