Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору эл аралык роуминг кызматын көрсөтүүчү чет элдик өнөктөштөрдүн тармагын кеңейтүүнү улантып жатат. Эми О!нун абонентерине Xfera (Испания) жана Vodafone (Греция) операторлорунун тармагында роумингдин жаңы багыттары жеткиликтүү. Ошентип, О! мобилдик операторунун кардарлары өз номерлерин алмаштырбастан, Испанияда жана Грецияда чалууларды аткарып, Интернетке чыгып, SMS жазып жана өз жакындары жана туугандары менен кадимки шарттамда байланышта кала берет.
«Акырындан өлкөлөрдүн географиясын кеңейтүү менен, О! мобилдик оператору өзүнүн абоненттери көп муктаж болгон багыттарды тандап жатат. Кээ бир өлкөлөрдө дароо бир нече оператор менен роуминг макулдашуулары түзүлгөн, мунун өзү абоненттерге тандап алуунун максималдуу эркиндигин жана ошол өлкөлөрдө тармак камтыган аймактардын бир топ кеңейишине кепилдик берет», – деп О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов айтып берди.
«Роуминг» кызматын кошуу үчүн абонент сатуу жана тейлөө кеңсесине же өз корпоративдик тобунун координаторуна кайрылышы керек. Роуминг кызматына болгон тарифтер менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар