O!Store дүкөндөрүнүн жана ostore.kg интернет-дүкөнүнүн жаңы жылдык иш графиги
О! мобилдик оператору бардык кыргызстандыктарды келе жаткан майрамдары менен куттуктап, майрамдык иш тартиби тууралуу маалымдайт.
Куттуктоолор менен алмашуу жана жаңы жыл түнүндө гана эмес, дем алыш күндөрү да байланышта болуу үчүн балансыңызды алдын-ала толуктаңыз. Балансты «Мой О!» тиркемесинде «О!Деньги» капчыгы аркылуу O!Store дүкөнүнүн каалаган терминалдарында жана сатуу жана тейлөө кеңселеринде толуктоого болот. Толуктоо пункттарынын бардык даректерин бул шилтемеден тапса болот.
2024-жылдын 31-декабрында бардык кеңселер саат 16:00гө чейин иштейт, төмөнкүлөрдөн тышкары:
• Бишкектеги «Бишкек Парк» СБ жана Оштогу Maxcom СБ – 20:00гө чейин.
2025-жылдын 1-январында бардык кеңселерде дем алыш күнү болуп саналат, төмөнкүдөн тышкары:
• «Бишкек Парк» СБ – 12:00дөн 22:00гө чейин иштейт.
2025-жылдын 2-январынан баштап бардык кеңселер штаттык режимде иштей баштайт, төмөнкүлөрдөн тышкары:
• O!Store Лев Толстой көч. 1г дареги боюнча/4 – 2, 3, 4, 5-январь иш эмес күндөр, 6-январда иштей баштайт.
• O!Store Жалал-Абадда (Ленин көч. 40, «Айгүл» СҮ ЦУМ 1-кабат) – 2-январь иш эмес күн, 3-январдан баштап иштей баштайт.
• Беш Сары ЮГ, Беш Сары, Беш Сары Сити, Табылга – 2, 3-январь иш эмес күндөр, 4-январдан баштап иштей баштайт.
ostore.kg интернет дүкөнү 0705 007 000 номери боюнча күн сайын дем алышсыз саат 09:00дөн 21:00гө чейин буюртмаларды кабыл алат.
28-декабрдан 5-январга чейин Бишкек боюнча акысыз жеткирүү иштебейт. 6-январдан баштап кайра бекер жеткирүүгө буюртма берсе болот, адаттагы дем алышсыз 10:00дөн 20:00гө чейин иш графиги күчүнө кирет.
О! маалыматтык-сурап билүү кызматынын операторлору сиз үчүн дем алышы жок иштейт.
Колдоо кызматына күнү-түнү WhatsApp'та: +996 705 700 700, Telegram'да: @o_mobile_operator_bot, o.kg сайтындагы онлайн-чатта, ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактарындагы жеке билдирүүлөрдө жазсаңыз болот.
O!Store сизди белектерди алууга күтөт! Бул жерде каалаган бюджетке товарлар бар: үй үчүн акылдуу шаймандар, пауэрбанктар, электр термостор, электр устаралар, массажёрлор, унаа чаң соргучтары жана көптөгөн башкалар. Балдарды мультфильмдик чырактар жана санариптик сүрөт такталары кубантат, ата-энелерге робот-чаң соргуч же абаны нымдагыч сөзсүз пайдалуу болот, ал эми музыка сүйүүчүлөрү белек катары Алиса акылдуу колонкасын же JBL кулакчынын алганына кубанышат. Ар бир адам өзү үчүн сонун рюкзактарды жана сумкаларды тандай алат.
Жаңы жылыңыздар менен!
КР МТжБМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2016 №16-0062-КР жана №16-0063-КР.