Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын телекоммуникация рыногундагы технологиялык баштап жүрүүчү – О! мобилдик оператору эл аралык роуминг кызматтарын көрсөтүүчү чет элдик өнөктөштөрдүн түйүнүн кеңейтүүнү улантып жатат. Эми О!нун жеке абоненттеринде МТС түйүнүндө (Беларусь) роумингди колдонуу мүмкүндүгү пайда болду.
«Биз абоненттерибизге оңой жана көп суралган кызматтарды сунуш кылабыз. Бул максатта дайыма роуминг кызматтарынын географиясын кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул абоненттерибизге бүткүл дүйнө боюнча саякаттап жүргөндө, өз телефон номерин алмаштырбастан байланышта болууга мүмкүндүк берет. Биз алдын ала төлөө тутумунундагы абоненттер үчүн 4G-роуминг кызматын өлкөдө алгачкылардан болуп киргизгендибизди эске салгым келет. Биздин командабыздын күчү менен, биз О!нун абоненттерине ишенимдүү, арзан жана ыңгайлуу роуминг сунуштап жатканыбызга кубанычтамын», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
«Роуминг» кызматын кошуу үчүн *996# буйрутмасын терүү керек. Ал эми Интернетке кирүү менен «Роуминг» кызматын кошуу үчүн – Кыргызстандан чыгып кеткенче - *997# менен кошуу керек.
Ошондой эле Казахстанга кетип жаткан жеке абоненттер үчүн алдын ала төлөнгөн RoamingKZ топтому жеткиликтүү, ал өзүнө 20 мүнөт чалууларды камтыйт жана роумингде жүрүүнү дагы да жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат. Кызмат *996*77# буйрутмасын тергенден кийин жеткиликтүү.
Роуминг кызматтарынын тарифтери менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Май майрамдарына чейин кошконго жетишип калыңыз: үй-бүлөңүз ар дайым байланышта жана көптөгөн көңүл ачуулар бар!
Бардык жаңылыктар