O!Store дүкөнүнөн смартфон сатып алган учурда аны каттоо жөнүндө ойлонбой эле койсо болот

25.07.2024

O!Store өзүнүн кардарларына кам көрөт жана шылуундарга каршы күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан белгиленген эрежелерди сактайт.

2024-жылдын 25-июнунан тартып Кыргызстанда мобилдик телефондорду Мамлекеттик идентификациялоо системасына (МИС) милдеттүү каттоо шарты киргизилген. Бул болсо, өлкөнүн аймагында сатылган бардык телефондор импорттоочулар тарабынан каттоодон өткөрүлүүгө тийиш дегенди түшүндүрөт. Түзүлүштөрдү КР аймагынан тышкары жерден сатып алгандар аларды www.imei.kg сайтынан өз алдынча каттоого милдеттүү.

O!Store дүкөнүнөн смартфон сатып алгандар каттоо жөнүндө ойлонбой эле койсо болот – O!Store дүкөнүнүн текчелериндеги ар бир телефон каттоодон өткөн жана аны сатып алгандан кийин дароо колдоно алат.

Быйылкы жайда эң көп сатып алынган хиттерди сунуштайбыз:

O!Store – ишенимдүү сатып алуулар.

O!Store дүкөндөр тармагы смартфондордун бренддеринин өкүлдөрү менен түз кызматташат, товарга кепилдик берет жана пайдалуу шарттар менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт: онлайн буйрутма берген учурда белек топтому, пайызсыз бөлүп төлөө, белектер, акциялар.

Сатып алардан мурун телефонду текшериңиз

Жаңы түзүлүш сатып алардан мурун смартфондун МИСте катталып-катталбаганын текшериңиз. Муну оңой эле аткарса болот – «Мой О!» тиркемесине кирип, башкы беттен «Телефондун IMEI-кодун текшерүү» баскычын басыңыз да, 15 орундуу IMEI-кодду киргизип, жыйынтыкты карап көрүңүз:

Маанилүү: SIM-карта салына турган эки слоту бар жана eSIM иштеген смартфондордун түрдүү IMEI-коддору бар, алардын ар бири каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Текшериш үчүн иштеген SIM-картаны кезеги менен ар бир слотко салып, чалууну аткарыңыз же интернетке кириңиз, мындайча аны активдештирген болосуз.

Толук маалымат менен www.imei.kg шилтемеси аркылуу МИС сайтынан таанышып чыгыңыз.


Тизмеге кайтуу