«Мой О!» - жаныңда банкомат жок болуп, тезинен накталай акча зарыл болгон учурда

14.07.2021

Заманбап технологиялардын кылымында, смартфон жакындар менен сүйлөшүүгө жана байланышууга гана жооп бербейт. Телефондо биздин бардык жашообуз камтылган - биз анда сүрөттөрдү жана маанилүү документтерди гана сактабастан, эң негизгиси - электрондук капчык орун алган. Аны менен баарын төлөгөнгө болот: коммуналдык кызматтарын же эртең мененки жыты буркураган кофе, балким май куюучу жайдан бензин үчүн, бардыгы арзандатуу менен. “Мой О!” тиркемесиндеги “О!Деньги” кызматы мисал боло алат.

Эң башкы суроо - сизге каражат зарыл болгондо, капчыктан акчаны кантип алабыз?

Эсептен акча алуу үчүн жашоо-тиричилик учурлары жетиштүү. Каражаттарды чыгарып алуу ар кандай учурда сактап калат. Башкысы, бул бүткүл өлкөнүн аймагында жайгашкан 100дөн ашык O! Store дүкөндөрүндө жеткиликтүү жана комиссиясыз! Кантип акча алса болот? Сиздин паспортуңуз гана жетиштүү.

1.       Жалпы топтоолор

Туулган күн, той, шерине. Шаардын ар кыл башында иштесе да майрамга же белекке акча топтоо эң оңой. Достор банк картасынан же кимдир-бирөөсүнүн капчыгынын эсебине каражат которуп, жооптуу адам аны жакынкы O!Store дүкөндөрүнөн накталай ала алат. Болгону - “О!Деньги” капчыгынын номерин атап, паспортун көрсөтөт.

2.       Ата-энеге же студент-баласына акча которуу

Мурда кимдир бирөөгө акча каражатын жөнөтүү керек болсо, сөзсүз банкка барып, узун кезекте туруп, кагаздарды толтуруу зарыл болчу. Азыр сиз каалаган каражатты О! фирмалык терминалдары аркылуу “О!Деньги” капчыгынын номерине, Баткенден Таласка, Бишкектен Ошко жибере аласыз. Алуучу паспорту менен каалаган O!Store дүкөнүнө келип, накталай акчаны бир нече мүнөттө ала алат. “О!Деньги” электрондук капчыгын пайдалануу үчүн, банктык эсепти ачуунун кажети жок. Үйдөн чыгуунун да зарылчылыгы жок - капчыкты аралыктан, телефон номериңиз аркылуу ачып алсаңыз болот. Беш мүнөттүк иш. Ал үчүн “Мой О!” тиркемесинен, паспортуңуз менен идентификациялоо жол-жобосунан өтүңүз.

3.       Ыктыярчыларга

Активисттер дайыма кайрымдуулук акциялары үчүн телефон номерин калтырып, ага акча каражаттары которулат. Каражаттарды накталай алуу абдан жеңил болуп калды.  

4.       Ишкерлерге же Insta-дүкөндөргө

Товар же кызмат үчүн “О!Деньги” аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу өтө ыңгайлуу. Кабыл алынган каражаттарды, 2 мүнөттө накталай алууга болот.

5.       Накталай акча тезинен керек

Дары же маанилүү нерсе сатып алууда, акча каражаты банктык картада болгон учурлар кездешет. Жаныңызда накталай каражат дагы, банктык карта да жок. Бирок смартфон бар. Абалдан чыкса болот - электрондук капчыкка кошулган банктык картадан, капчыкты толуктап, керектүү каражатты O!Store дүкөнүнөн алууга мүмкүнчүлүк бар.  

6.       Фрилансерлерге

Интернет тармагы аркылуу иштегендерге: блогерлерге, копирайтерлерге, программисттерге, дизайнерлерге жана башкаларга абдан ыңгайлуу. Аткарылган иштин гонорарын өзүңүздүн электрондук капчыгыңызга которто аласыз. Иш берүүчүнүн эсеби бир банкта, сиздин эсебиңиз башка банкта болгон учурда өтө татаал; картаны банктын кассасы аркылуу толуктоо, банктын бөлүмүнө барууну талап кылат, ошол эле учурда, ар дайым эле банктын жанында болуу мүмкүн эмес. Ал эми электрондук капчыкты каалаган терминалдан толуктаса болот. Анын ээсинин номерин билүү гана жетиштүү.

Тиркеме тууралуу

«Мой О!» тиркемеси – бул О!+Saima абонентинин жеке кабинетин жана “О!Деньги” капчыгын бириктирген санариптик экотутум. Тиркемени 2 000 000дон ашык кардар колдонууда. Анткени ал, күнүмдүк жашоону жеңилдетип, банкка баруудан, call-борборлорго кезекке туруудан арылтып, эркин убакытты жана бонустарды тартуулайт! Колдонуучуларга номерди башкаруу, капчыктан жана картадан каражаттарды дароо которуу жеткиликтүү. 1000ден ашык сервистерди телефондун, электрондук капчыктын же ага кошулган картанын эсебинен төлөңүз. Google Play же App Store шилтемелеринен көчүрүп алыңыз.

“О!Деньги” капчыгынын колдонуучуларын, бүт өлкөдө жайгашкан 100дөн ашык - O!Store дүкөндөр тармагы тейлейт. Балансты толуктоо үчүн кадамдык жакындыкта жайгашкна кеңири терминалдык тармак жеткиликтүү.

Каражаттарды накталай алуу, “О!Деньги” капчыгындагы электрондук акчалар үчүн гана жеткиликтүү. “О!Деньги” электрондук акчаларынын эмитенти - “Дос-Кредобанк” ААК, КРУБнын лицензиясы: №037. “О!Деньги” кызматы “Грин Телеком Сервис” ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КРУБнын лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу