Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору өз инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн ай сайын өстүрүп жатат. Ноябрь айында О! мобилдик оператору 25 жаңы базалык станцияларды куруу, 70ден ашуун станцияны модернизациялоо менен өлкөнүн түштүгүндөгү бардык облустарда тармактын каптоосун жакшыртты жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатты.
Түштүктөгү көпчүлүк калк жайгашкан пункттардын абоненттери эми 4G каптоосунун мыкты ылдамдыгын жана байланыш сапатынын жакшыргандыгын сезе алышат:
Жалал-Абад облусу: Кара-Көл жана Жалал-Абад шаарларында;
Ош облусу: Ноокат, Ош шаарларында, ошондой эле Гүлстан, Кызыл-Тейит, Ден-Булак, Кара-Дарыя, Бакмал айылдарында;
Баткен облусу: Айдаркен, Кадамжай (Пүлгөн), Сүлүктү, Баткен шаарларында, Орозбеков, Чал-Таш, Таш-Кыя, Учкун, Лянгар, Үч-Коргон, Кожо, Какыр, Калача, Базар-Башы айылдарында жана Восточный шаар тибиндеги кыштакта.
3G-байланышынын жаңы жабдуусунун ишке кириши О! тармагынын өткөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүн жогорулатты, ошондой эле төмөндөгү аймактарды ишенимдүү 3G-сигнал менен камсыз кылды:
Жалал-Абад облусу: Терс, Кашка-Суу, Чеч-Төбө, Токту, Тоголок, Чулук-Колот, Кара-Башат, Маданият, Падек (мурунку Калинин), Теңдик айылдарында;
Ош облусу: Кара-Суу, Эски-Ноокат шаарларында, ошондой эле Ак-Жар, Кара-Эчки, Каратай, Кызыл-Ордо, Кызыл-Булак, Шералы айылдарында;
Баткен облусу: Баткен шаарында.
Түштүктөгү О! тармагынын байланышынын сапаты жакшыраак байкалган жерлер төмөндөгүлөр:
Жалал-Абад облусу: Ак-Суу, Коргон-Дөбө, Ак-Сай, Кызыл-Ата, Арсланбоб, Шыдыр, Гелеген, Курулуш, Райманжан, Октябрьское, Күмүш-Азиз, Жийде, Жаңы-Жер, Кашкар-Маала, Кара-Чолок (мурунку Люблинко), Мазар-Булак (мурунку Подгорное), Алма-Бел айылдарында;
Ош облусу: Бий-Мырза, Отуз-Адыр, Кара-Дөбө, Куу-Майдан, Красный Маяк, Кароол, Орто-Арык;
Баткен облусу: Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Үч-Коргон.
О! тармагынын 4G/3G/2G камтуусун картадан көрсөңүз болот. Түндүктөгү облустардын кайсы калк жайгашкан пункттарында жакшыртуулар жүргүзүлгөндүгүн бул жерден билсе болот. Баткен облусундагы тармактын өнүгүүсү тууралуу видеосюжетти бул жерден көрүңүз.
О! мобилдик оператору – бүт Кыргызстан боюнча ишенимдүү кабыл алуу.

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар