Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун техгологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору өлкөнүн бардык аймагында тармакты активдүү өнүктүрүүнү улантып жатат. Мисалы, өткөн айда компаниянын техникалык адистери 40 ашык жаңы база станцияларын ишке киргизди.
3G стандарттагы 17 жаңы база станция Чүй областынын Рот-Фронт, Новопокровка, Октябрь, Озерное, Суусамыр, Орловка, Милянфан, Чат-Кел, Маловодное, Военно-Антоновка, Восток, Чолпон, Луговое, Кемин айылдарында орнотулду. Мындан тышкары, Кыргызстандын борбор шаарында 2G, 3G жана 4G стандарттагы 7 кошумча база станциясы орнотулду. Нарын областында 3G стандарттагы - 11, Талас областында – 7 жана Жалал-Абад областында - 1 жаңы база станциясы ишке киргизилди. Мунун баары өлкөнүн жогоруда саналган аймактарында добуштук байланыштын сапатын жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
“О! мобилдик оператору добуштук байланыштардын жана маалыматтарды берүүнүн сапатын жакшыртуунун үстүндө үзгүлтүксүз иштеп жатат. Январда компаниянын техникалык адистери ири көлөмдөгү иштерди жасашып, алдыга коюлган милдеттерди аткарды. Тармактын сыйымдуулугун камтуу жана кеңейтүү боюнча интенсивдүү иштер өлкөнүн бардык областтарында жүрүп жатат. Жакынкы күндөрдө дагы көптөгөн кыргызстандыктар О! мобилдик операторунан эң алдыңкы технологиялык байланышты колдоно алышат. Жаңылыктарды компаниянын расмий сайтынан жана социалдык барактардан карап туруңуз!”, -деп О! мобилдик операторунун технологиялык дирекциясынын директорунун орун басары Антон Коваленко.
О! мобилдик оператору 2014-жылы Кыргызстандын мобилдик байланыш операторлорунун эң алгачкылардан болуп бүгүнкү күндөгү мобилдик Интернеттин эң жогорку ылдамдыктагы технологиясын – 4G колдонуу мүмкүндүгүн сунуштагындыгын эске салабыз.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Батыраак O!Store'го: аксессуарларга –31% жана Honor'дон сонун белектер

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
Бардык жаңылыктар