О! Мобилдик оператору 200 жаңы базалык станцияларын ишке киргизди

28.05.2018

О! Мобилдик оператору өз түйүнүнүн кубаттуулугун көбөйтүүгө шарт түзө турган жаңы базалык станцияларды курууга инвестиция тартууну улантууда.

Компанияда билдиришкендей, техникалык адистер өлкө боюнча он миңдеген тургундарга интернеттин мурункудан да жогорку ылдамдыгын жеткиликтүү кылуу менен өткөн айда түйүндүн 4G жана 3G каптоосун бир кыйла кеңейтишти. О! түйүнүнүн саны өсүп жаткан кардарларына мобилдик интернеттин жогорку сапатын камсыздоо үчүн эми 200дөн ашуун базалык станциялар иштей баштады. Натыйжада, ар бир абонент үчүн маалыматтарды жүктөөнүн орточо ылдамдыгы бир кыйлага өстү.

Ошентип, иштеп жаткан станцияларга кошумча катары эми дагы 50+ базалык станция Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол шаарларын, ошондой эле: Булан-Сөгөттү, Саруу, Бөкөнбаев, Сары-Камыш, Ак-Булак, Ак-Булуң, Чычкан, Светлая Поляна, Оргочор, Ак-Терек, Кара-Коо, Ананьев, Жаркынбаев, Отрадное, Шапак, Сары-Камыш, Чолпон, Жылдыз Каракол, Боз-Булуң, Орлиное, Ак-Чий, Жыргалаң, Совет, Кызыл-Кыя, Токтогул (Зындан), Барскоон, Кара-Талаа, Темир Канат, Жер-Үй, Оттук, Кызыл-Туу, Шор-Булак, Ак-Сай, Кутургу, Ой-Булак, Талды-Суу, Кең-Суу, Миң-Булак, Арал, Кичи-Өрүктү айылдарын тейлөөгө киришти.

Нарын облусунда байланыштын 20+ жаңы объектиси төмөнкү айылдарда орнотулган: Казыбек, Кызыл-Туу, Ак-Талаа (Калинин атындагы), Ак-Муз, Ача-Кайыңды, Ак-Жар, Байзак, Кызыл-Жылдыз, Беш-Терек, Кара-Суу, Чолпон, Осоавиахим, Кара-Бүргөн, Каражар-Курулуш, Шамшы, Кашат, Лахол, Алыш, Орто-Нура, Чет-Нура, Кеңеш.

Талас облусунун кийинки айылдарын 20+ базалык станция сапаттуу байланыш жана ылдам мобилдик интернет менен камсыз кылат: Кең-Арал, Ынтымак, Түйтө (Кара-Кашат), Маданият, Үрмарал, Миң-Булак, Ак-Жар, Чоң Кара-Буура, Кара-Буура, Үч-Булак, Кызыл-Адыр, Арал, Чат-Базар, Чоң-Токой, Кеңеш, Көпүрө-Базар, Атай Огонбай, Чыйырчык, Кызыл-Туу, Сасык-Булак, Кара-Ой, Жон-Арык, Орто-Арык.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы О! түйүнүнүн жабдууларынын жаңылануусу тууралуу биздин мурунку материалдан билсеңиздер болот. Чүй аймагындагы О! түйүнүнүн техникалык өнүгүүсүнүн жаңылыктары кезекте турат. Компаниянын жаңылыктарын алгачкылардан болуп билүү үчүн оператордун социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына катталыңыздар.

 


Тизмеге кайтуу