Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору Кыргызстанда 4G камтыган аймакты кеңейтүүнү улантып жатат. Бүгүн компания төртүнчү муундагы ылдам Интернетке кирүү кызматын Чүй областынын Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында ишке киргизди.
«Бүгүндөн тартып О!нун төртүнчү муундагы интернетин өлкөнүн 8 ири шаары жана бир нече айылдары колдонуп жатышат. Мобилдик маалыматтарды берүү кызматына суроо-талап үзгүлтүксүз өсүп жатат жана ошол себептен О!нун телеком-инфраструктурасын өнүктүрүүнүн кийинки кадамы болуп бүткүл өлкө боюнча инновациялык 4G тармагын масштабдуу ишке киргизүү болуп калды. Кошулуңуздар жана интернет-сервис менен иштөө үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачыңыздар!», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Азыркы учурда төртүнчү муундагы ылдам Интернет кызматтары өлкөнүн 8 ири шаарында Нарын, Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кант, Токмок жана Кара-Балтада жеткиликтүү. О!нун абоненттери трафик жөнүндө кам санабастан мобилдик интернетти пайдалана алыша аларын эске салабыз, себеби оператор арзан чексиз интернет сунуштарынын кеңири топтомун сунуш кылат, алардын аркылуу интернет-трафиктин сарпталышын текшербестен, арзан баадагы жогорку ылдамдыктагы интернеттин бардык артыкчылыктарын колдонууга болот.
Эң арзан баадагы 4G түзүлүштөрдү О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот. Ыңгайлуу жана бышык 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутерлер «Чексиз 4G» кызматын 60 же 90 күнгө кошкондо болгону 1 сомдон сатылып жатат. Акциянын шарттары менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg кененирээк таанышууга болот.

90 күнгө акысыз O!Prime – көбүрөөк интернет, көбүрөөк кешбэк, эч кандай комиссия жок!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кантип Кыргызстандын айыл тургундары уюлдук секилерден коркпой калышты жана буга илегилектердин кандай тиешеси бар?

Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз!

О! мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин роумингде акысыз колдонуу мүмкүндүгүн берүүдө
Бардык жаңылыктар