Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Улуу Ата Мекендик Согушта Жеңишке арналган кайрымдуулук акциясын баштагандыгы жөнүндө маалымдайт. Акция жыл сайын Улуу Ата Мекендик Согуштун ардаргерлерине жардам берүү үчүн жүргүзүлөт. «1945» кыска номерине SMS жөнөткөн же чалган абоненттер Улуу Ата Мекендик Согуштун ардаргерлерин колдоо фондуна автоматтык түрдө 20 сом (бардык салыктарды эске алуу менен) которушат.
«Биз абоненттерибизди бул акцияга кошулууга, улуу тарыхый күндү эскерүү менен алкыш билдирүүгө чакырабыз. Биз өз кезегибизде чогулган бардык каражаттарды Улуу Ата Мекендик Согуштун ардаргерлерин колдоо фондуна жөнөтөрүбүзгө кепилдик беребиз. Келиңиздер, биздин Мекен үчүн согушта каармандык көрсөткөн аталарыбызды жана чоң аталарыбызды колдойлу!», - деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Акция 9-майга чейин жүрөт. О! мобилдик оператору бардык чогулган каражатты Улуу Ата Мекендик Согуштун ардаргерлерин колдоо фондуна жөнөтөт.
Акция жана ага катышуу жөнүндө кенен маалыматты компаниянын расмий сайтынан www.o.kg биле аласыз.

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Жаркыраган майрамдарга берешен арзандатуулар: O!Store дүкөндөрүндө -21%
Бардык жаңылыктар