26.09.2017

О! мобилдик оператору 4G түйүнүнүн аймагын кеңейтти

Калк жашаган ири пункттарда гана эмес, алыскы райондордо да өз тармагын кеңейтип жаткан О! мобилдик операторунун алдына койгон максаты: «Бардык абоненттерди эң заманбап байланыш кызматы менен камсыздоо» болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жана Бишкек шаарындагы 4G түйүнүнүн сыйымдуулугун жана каптоо аймагын кеңейтүү иштери менен катар, 4G – ылдамдыктар Нарын облусунун Чаек айылынын жана Ош облусунун Араван, Мырза-Аке айылдарынын тургундарына жеткиликтүү болуп калды.

4G кеңейтүү – Дүйнөлүк желеден маалыматтарды алуунун, онлайн-окутуунун, ири файлдар менен иштөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү. О! түйүнүнөн 4G-интернет – пайдалануучулардын толук эркиндиги!

4G-интернет менен колдонуу үчүн төртүнчү муундагы технологияларды кармаган мобилдик түзүлүш жана атайын SIM-карта керек. Сиздин мобилдик түзүлүш 4G түйүнүндөгү ишти кармай ала тургандыгын акысыз *460# USSD-талап аркылуу билсе болот. Жаңы абоненттердин баары SIM-карталарды түйүнгө кошулары менен алышат. Мурунку үлгүдөгү SIM-карталардын ээлери жаңыларын О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен акысыз алмаштыра алышат. Ошол эле жерде 4G технологияларын кармаган смартфондорду, модемдерди, роутерлерди сатып алса болот. 4G  түйүнүндө иштей турган түзүлүштөр O!Store интернет-дүкөнүнө тапшырык кылуу үчүн да жеткиликтүү.

Талас облусунун Шекер айылында, Нарын облусунун Кызыл-Жылдыз жана Беш-Терек айылдарында, Ысык-Көл облусунун Бостери, Үч-Кошкон, Ак-Шыйрак жана “Марко Поло” пансионатынын аймагында да байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

О! мобилдик оператору – жалпы Кыргызстан боюнча мыкты байланыш.



Тизмеге кайтуу