Акыркы жаңылыктар
Талас облусундагы 4G
Талас шаарында, ошондой эле Бакай-Ата жана Покровка айылдарында.
Нарын облусундагы 4G
Жаңы 4G базалык станциясы Баетов айылында орнотулду.
Чүй облусундагы 4G
Тармактын камтуу жана сыйымдуулугун кеңейтүү иштери Дмитриевка, Восток, Новопавловка, Жал, Күнтуу, Чоң-Жар, Шалта, Октябрьское, Лубяное, Васильевка, Байтик, Кашка-Суу, Садовое айылдарында жүргүзүлдү.
Бишкек шаарындагы 4G«Көпчүлүгүбүз үчүн мобилдик интернет жана ал берген мүмкүнчүлүктөр жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. О! тармагындагү трафиктин өсүүсү дагы маалыматтарды жөнөтүү кыргызстандыктар үчүн канчалык маанилүү экендигинин далили десек болот – бир жылдын ичинде О! тармагындагү трафик дээрлик 3 эсеге өстү. Ири шаарлардын тышындагы абоненттерибиз үчүн дагы байланышта болуу жана маселелерин бир клик менен чечүү маанилүү экендигин түшүнүү менен биз 4G каптоого басым жасоо менен борбор шаарда гана эмес, аймактарда дагы өзүбүздүн тармакты куруу жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны ишке ашырдык», - деди О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
О! мобилдик оператору масштабдуу, заманбап жана өнүккөн инфраструктурага ээ. Эң маанилүүсү, ал дайыма жакшыруунун үстүндө. Техникалык адистерибиздин тобу өлкөнүн түштүгүндөгү тармакты өнүктүрүү боюнча жаңылыктар менен жакында кубантабыз деп турушат. О! тармагынын 4G/3G/2G кесилишиндеги камтуу аймагы тууралуу толук маалыматты картадан билсе болот.