О! Мобилдик оператору маалымдайт
19.04.2024
Урматтуу абоненттер,
2024-жылдын 1-майынан тарта «НУР Телеком» ЖЧКсынын кѳчмѳ радиотелефондук байланыш кызматтарын кѳрсѳтүүгѳ келишим түзүү жѳнүндѳ Коомго ачык офертанын 2.2 жана 2.7-пункттарына ѳзгѳртүүлѳр киргизиле тургандыгы жѳнүндѳ маалымдайбыз.

Кененирээк:
«НУР Телеком» ЖЧКсынын кѳчмѳ радиотелефондук байланыш кызматтарын кѳрсѳтүүгѳ келишим түзүү жѳнүндѳ Коомго ачык офертанын 2.2 жана 2.7-пункттары 2024-жылдын 1-майынан тарта кийинкидей редакцияда күчкѳ ээ болот:
«2.2. Персонификация (каттоо) процедурасынан ѳтүүгѳ ниетин билдирген потенциалдуу абонент-жеке жак, жалпысынан акцепт деп эсептеле жана кабыл алына турган тѳмѳнкү иш-аракеттерди ишке ашырат (аткарат):

- айланыш түйүнүнѳ жана кызматтарга мүмкүндүк алыш үчүн оператордун аракеттеги сунуштарына ылайык SIM-картаны тандайт же SIM-картаны тандап жана анын баасын тѳлѳйт, же болбосо тарифтик планы менен SIM-картаны тандайт жана тѳлѳйт:
- оператор тарабынан сунуш кылынган жолдордун бирин колдонуп, SIM-картаны активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде, ошондой эле тарифтик планга ылайык кепилденген ээлеп коюу мезгилинде же eSIM алып жатканда номерди тандагандан кийин 20 мүнѳттүн ичинде персонификация процессинен ийгиликтүү ѳтѳт (eSim QR-кодун алыш үчүн электрондук почтасынын дареги кѳрсѳтүлүшү керек).»