Акыркы жаңылыктар
«Байланыш сапаты – техниканын иши!» - дейт О! мобилдик операторунун техникалык дирекциясында. Бүгүн биздин адистер сиздер менен сонун жаңылык менен бөлүшүшөт – 2G/3G/4G түйүнү камтыган аймактар жана сыйымдуулугун көбөйтүү боюнча масштабдуу иш Кыргызстандын 87 калктуу конушунда ишке ашты.
4G стандартындагы жаңы базалар орнотулду: Жалал-Абал областынын Кербен шаарында, Ош областынын Джим айылында, Чүй областынын Гавриловка айылында жана Таш-Дөбө айыл округунда.
Түйүндүн сыйымдуулугунун кеңейиши, натыйжада, 4G түйүнүн сапатынын жакшырганын эми Ош, Бишкек, Талас шаарларынын, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон айылынын жана Кочкор-Ата шаарынын, Нарын областынын Кочкор айылынын, Ош областынын Кара-Суу шаарынын жана Чүй областынын Новопавловка, Аламүдүн, Лебединовка айылдарынын жашоочулары сезе алышат.
3G жаңы жабдуусу төмөнкүлөрдү камтыды: Ош областынын Мирмахмудов айыл округун, Кашкалдак, Жатан, Жар-Коргон, Борко, Барын, Арбын, Катта-Тал айылдарын, Чүй областынын Маевский айыл округунун жана Жалал-Абад областынын Сары-Талаа, Таш-Булак айылдарын.
3G жана 2G түйүнүн жакшыртуу Бишкек, Токмок, Кара-Балта шаарларында, Чүй областынын Ново-Павловский айыл округунда, Кок-Жар жана Новониколаевка айылдарында жакшыртылды. Мындан тышкары, Жалал-Абад областынын Ала-Бука, Кызыл-Алма, Сузак, Базар-Коргон, Жалгыз-Жаңгак, Базар-Коргон, Момбеков айылдарында, Таш-Көмүр, Кара-Көл жана Жалал-Абад шаарларында байланыш сапаты бир топ жакшыртылды. Ысык-Көл областынын Каракол, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Ош областынын Өзгөн, Ноокат шаарларында жана Кара-Таш, Араван, Кашкар-Кыштак, Таштак, Киров, Борбаш айылдарында түйүндү кеңейтүү боюнча жумуштар жасалды.
О! мобилдик операторунун кызматтарына суроо-талаптын өсүп жаткандыгын, ошондой эле калкты сапаттуу байланыш менен камсыздоонун стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен, О! мобилдик оператору бул багытта активдүү иш алып барууда. Мисалы, жаңы база станциялары Ош областынын Таштак, Арбын, Жар-Коргон, Барын, Борко айылдарында жана Чүй областынын Новониколаевка, Нижнее Восточное айылдарында орнотулду.
О! мобилдик оператору – бүткүл Кыргызстан боюнча мыкты байланыш!
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Май майрамдарына чейин кошконго жетишип калыңыз: үй-бүлөңүз ар дайым байланышта жана көптөгөн көңүл ачуулар бар!
Бардык жаңылыктар