Кыргызча
18 июля 2016

Акыркы жаңылыктар

О! мобилдик оператору эң популярдуу кызматтарды колдонуучулар үчүн шарттарды жакшыртты

О! мобилдик операторунан тармак ичинде баарлашуу үчүн  - “Сенин күнүмдүк нөлүң” (30 күн),  “Сенин нөлүң!” (7 күн), “Сенин нөлүң белекке! (7 күн)”, “Сенин күнүмдүк нөлүң” кызматтарын  колдонгон бардык абоненттер  үчүн жакшы жаңылык – мурунку абоненттик төлөм үчүн жогорку ылдамдыктагы 50 Мб интернет-трафик күн сайын жеткиликтүү болуп турат.

Эми, тармак ичинде акысыз баарлашуудан тышкары, абоненттер ошол эле баага жогорку ылдамдыктагы көлөмү 50 Мб интернет-трафикти күн сайын алып турушат. Интернет-трафиктин 50 Мб чектен ашкандан кийин ылдамдык чектелиши мүмкүн.

 «Мобилдик интернетти колдонууга болгон муктаждыктын өсүп жатканын түшүнүп, биз мурунку баага эле тармактын бардык артыкчылыктарын колдонууга мүмкүндүк бере турган кызматты катарга кошууну чечтик. Эми биздин абоненттр тармак ичинде  акысыз  баарлашып, үй бүлөсү жана достору менен байланышта гана болбостон, күн сайын жогорку ылдамдыктагы 50 Мб интернет-трафикти да колдоно алышат. Бул жаңылык бардыгына жагат деп ишенем,  себеби күн сайын  көптөгөн колдонуучалар дайыма онлайн болууну каалашат. Кошулуңуздар!», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко билдирди.

Мисалга, «Сенин нөлүң плюс» кызматынын натыйжасында О! мобилдик олператорунун абоненттери  О! тармагында акысыз чалып жана SMS жөнөтүп, ошондой эле стандарттуу гудокту обонго же тамашага алмаштыра алышат.  Бүгүнкү күндөн тартып акысыз мобилдик интернетти да колдоно алышат. Кызматты кошуу үчүн *000# буйрутмасын терүү керек. Кызматты кошуу баасы 30 күнгө – бардык салыктарды эске алуу менен 130 сом.

О! тармагында кызматтарды башкаруу жана кошуу жөнүндө кенен маалымат расмий сайтта www.o.kg жеткиликтүү.