Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору 4G LTE мобилдик интернетинин ылдамдыгы боюнча ата мекендик мобилдик операторлорунун арасында лидерлигин сактап келе жатат. Анын тастыктамасы – эл аралык Ookla® компаниясынын көз карандысыз анализине ылайык, «Кыргызстандагы эң ылдам мобилдик интернет» наамына татыктуу болуусу.
Февраль айындагы адистердин техникалык командасынын жумушу бүткүл өлкө боюнча 100дөн ашуун калктуу пункттарга тийиштүү болду:
Чүй облусунда: Бишкек, Кант, Токмок, Кемин, Кайыңды шаарларында жана Жаңы-Жол, Кара-Булак, Алтымыш, Предтеченка, Нижнечуйское, Чаткөл, Ак-Жол, Туз, Чоң-Далы, Жайылма, Сокулук, Ивановка, Манас, Таш-Дөбө, Озерное, Арчалы, Новопокровка, Первомайское, Нижняя Ала-Арча, Лебединовка, Маевка, Таш-Мойнок, Новониколаевка, Александровка, Шалта, Беш-Күнгөй айылдарында жана Боом капчыгайында;
Ысык-Көл облусунда: Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Шапак, Күрмөнтү, Ак-Булак, Бостери, Чоң-Сары-Ой айылдарында жана Орто-Токой шаар тибиндеги кыштакта;
Талас облусунда: Кара-Сай, Ак-Башат, Майское, Новодонецкое, Кеңеш, Көк-Дөбө айылдарында;
Нарын облусунда: Нарын шаарында, Баетов, Ат-Башы, Чаек, Кочкор, Орто-Саз айылдарында;
Жалал-Абад облусунда: Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кочкор-Ата жана Кербен шаарларында, Кара-Дөбө, Согот, Коминтерн, Кара-Булак, Бузук, Казарман, Жалгыз-Өрүк, Көк-Таш, Орто-Суу, Үч-Булак, Ак-Тыт, Айгыр-Жал, Башкы-Терек, Ала-Бука, Сапалак, Тегене, Массы айылдарында;
Ош облусунда: Ош, Өзгөн, Сырт, Найман, Нариман, Кара-Дыйкан, Кызыл-Абад, Куршаб, Көк-Бел (Исанов), Сасык-Булак, Керме-Тоо, Кашгар-Кыштак айылдарында;
Баткен облусунда: Кадамжай шаарында, Восточный шаар тибиндеги кыштакта жана Кыргыз-Кыштак, Кызыл-Чарба, Жаңы-Турмуш, Өзгөрүш, Караван, Разъезд, Теңге, Кош-Булак айылдарында.
Антон Коваленко, О! Мобилдик операторунун техникалык директору:
- Бизге көнүмүш болуп калган күнүмдүк процесстер офлайндан онлайнга тез-тезден өтө баштады. Ал эми заманбап технологиялардын бизге сунуштаган санариптик чечимдери ар бир смартфондо эки клик менен эле жеткиликтүү болуп калды. О! операторунун абоненттери 4G тармагы менен активдүүрөөк колдоно башташты. Ал аркылуу жалпы интернет-трафиктин 77%ынан ашууну өтө баштады. Коомдун трансформациясы ар бир колдонуучу үчүн максималдуу жайлуу өтүшү биздин милдет болуп саналат. Ошондуктан, биз абоненттерибизге санариптештирүүнүн бардык артыкчылыктарын баалоо мүмкүнчүлугүн бере турган сапаттуу байланыш менен камсыздоо үчүн тармактын инфраструктурасын бүткүл өлкө боюнча өнүктүрүүнү активдүү түрдө улантып жатабыз.
LTE тармагынын өсүү темпи боюнча лидерлик компанияны тарыхындагы тармакты өнүктүрүү боюнча масштабдуу программанын натыйжасы болуп саналат. Былтыркы жылы 4G LTE тармагынын сыйымдуулугу бир кыйла өскөн жана бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 97%ынан ашуунун камтыйт. Бул жалпы ЕАЭБ мейкиндигиндеги рынок боюнча өнөктөштөрдүн арасындагы мыкты көрсөткүч боуп саналат.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! тармагынын камтуу картасы жана О! тармагынын өнүгүүсү тууралуу жаңылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү.

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар