О! мобилдик оператору бүткүл өлкө боюнча түйүндү өнүктүрүп жатат

13.07.2016

Июнда О! мобилдик операторунун техникалык адистери Бишкек жана Кант шаарларында жаңы 4G база станциясын орнотту. Ал эми Ысык-Көл областынын Бактуу-Дөлөнөтү айылында 3G база станциялары пайдаланууга киргизилди. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында добуштук кызматтардын сапаты Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын аймагында, Нарын областынын Жалгыз-Терек айылында, Ысык-Көл областынын Булан-Сегетту айылында жана Чүй олбластынын Чым-Коргон айылында бир топ жакшыртылды.

 «Түйүн камтыган аймакты кеңейтүү боюнча план ченемдүү иштерди улантуу менен, биздин техникалык адисттер Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад областтарында бир нече жаңы база станцияларын орнотушту. Түйүндү дайыма кеңейтип туруу, өзгөчө 4G көтөрө алган база станцияларын орнотуу – биздин компания үчүн баарынан алдыда турган милдет. Биз биздин абоненттерибиздин ишенимин жогоруу баалайбыз жана биздин ар бир абонентибиз өлкөнүн кайсы бурчунда жүрбөсүн,  мыкты байланышты колдонушуна умтулабыз», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

 4G-түзүлүштү Бишкек шаары боюнча жеткирүү менен сатып алуу www.shop.o.kg интернет-дүкөнүндө же О!нун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринен сатып алууга болот.

Түйүндү өнүктүрүүнү карап туруу   компаниянын расмий сайтында www.o.kg жеткиликтүү. 


Тизмеге кайтуу