Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору өлкөнүн бардык аймактарында тармакты активдүү өнүктүрүүнү улантып жатат.
Компаниянын техникалык дирекциясынын кызматкерлери тарабынан Чүй областынын Военно-Антоновка, Маловодное, Чат-Көл, Чүй жана Новопокровка айылдарында, ошондой эле Талас жана Бишкек шаарларында 3G стандарттагы 15 жаңы база станциясы монтаждалып, эксплуатаццияга киргизилди.
«Биздин абоненттер үчүн сапаттуу добуштук байланышты жана жогорку ылдамдыктагы интернетти сунуштоо – биз үчүн эң негизги приоритеттердин бири болуп саналат. Биз заманбап байланыш технологияларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн инвестициялоону улантып келебиз. Биз үчүн биздин кардарлар телефон менен үзгүлтүксүз байланышып, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти колдоно алышы маанилүү. О! мобилдик оператору менен байланышта калыңыздар!” – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Эске салсак, О! мобилдик оператору Кыргызстандын мобилдик байланыш операторлорунун ичинен алгачкы болуп бүгүнкү күндөгү эң жогорку ылдамдыктагы мобилдик Интернет технологиясынын бирин - 4G – колдонуу мүмкүндүгүн сунуш кылды жана аны кошуу үчүн кымбат эмес жана урунууга ыңгайлуу түзүлүштөрдүн тизмегин сунуштайт. Бул жөнүндө кененирээк дүкөндүн сайтынан shop.o.kg билүүгө болот.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар