Акыркы жаңылыктар
Март айынын биринчи жарымында Кыргызстандын телекоммуникация рыногунунун технологиялык баштап жүрүүчүсү - О! мобилдик оператору мобилдик интернет менен жабдууну кеңейтүү жана добуштук байланыштын сапатын жогорулатуу үчүн өлкөнүн масштабы боюнча тармакты активдүү кеңейтүүнү улантып жатат.
2016-жылдын 1-мартынан тартып компания Кыргызстан боюнча ондогон база станцияларын орнотту, алардын жарымы 4G стандартта. Алар Ош шаарында, Ош областынын Кара-Суу шаарында, Бүбүшкалар айылында, ошондой эле Жалал-Абад шаарында жана Жалал-Абад областынын Пригород, Сузак, Ынтымак жана Кумуш-Азиз айылдарында орнотулду. Компания мобилдик интернетти айыл жергесинде жабдуунун кеңейтти. Мисалы, 3G станциясында маалыматтарды берүү кызматына суроо-талап көп болгондуктан, ал Чүй областынын Кичи ГЭС, Ак-Жол, Кара-Жыгач, Люксембург айылдарында да ишке киргизилди. Мындан тышкары, Ош областынын Коо-Чаты жана Ак-Терек айылдарында добуштук байланыштын сапаты жакшыртылды.
«2014-жылы өлкөдөгү бардык операторлордон биринчи болуп, Бишкекте 4G тармагын ишке киригизип, биз өзүбүздүн технологиялык жана инновациялык лидерлигибизди ишенимдүү ырастап жатабыз. Бүгүн О!дон 4G – Кыргызстандагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет технологиясынын эң ири тармагы. Төртүнчү муундагы тармактын мүмкүндүктөрүн Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Кара-Суу шаарларынын, Ош областынын Бүбүшкалар айылынын жана Жалал-Абад областынын Пригород, Сузак, Ынтымак жана Күмүш-Азиз айылдарынын жашоочулары активдүү колдонуп жатат», — деп белгиледи компаниянын техникалык директору Антон Коваленко.
Төртүнчү муундагы тармактын иштеши үчүн ыңгайлуу жана чакан түзүлүштөр бар: 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутер 60 же 90 күнгө «Чексиз 4G» кызматын кошкондо болгону 1 сомдон. Акциянын кенен шарттары менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот, ал эми 4G-түзүлүштөрдү О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн арзан баада сатып алууга болот.

90 күнгө акысыз O!Prime – көбүрөөк интернет, көбүрөөк кешбэк, эч кандай комиссия жок!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кантип Кыргызстандын айыл тургундары уюлдук секилерден коркпой калышты жана буга илегилектердин кандай тиешеси бар?

Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз!

О! мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин роумингде акысыз колдонуу мүмкүндүгүн берүүдө
Бардык жаңылыктар