Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору Карьера көргөзмөсүндө катышат, ал 23-апрелде Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунда өтөт.
Иш-чарага өлкөнүн 60 ашык ири компаниясы, өкмөттүк эмес уюмдар катышат. Көргөзмө студенттерге, Кыргызстандын ар кандай жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө, ошондой эле жаш адистерге ишке орношууга жардам берүүнү максат кылат.
Көргөзмөнүн негизги милдети – студенттер жана жумуш берүүчүлөр үчүн аянтча түзүү, студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө рыноктук комптенцияларды өнүктүрүүдө жардам берүү, ишкердик байланыштарды түзүү, ал эми жумуш берүүчүлөргө – квалификациялуу кызматкерлерди табуу, өз тажрыйбасы менен бөлүшүү жана алардын уюмдарындагы карьера мүмкүндүктөрү жөнүндө айтуу болуп саналат.
«Биз үчүн бул – жаңы персоналды тандап алуу жана келечектеги потенциалдуу кызматкерлердин резюмелеринин маалымат базасын толтуруу үчүн, ал эми студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө – каалаган жумуш ордун табуу үчүн сонун мүмкүндүк. Биздин столдон каалоочулар бош орундар жөнүндө керектүү маалыматтарды, ишке орношууда жардамдарды алып, ошондой эле стажировкадан өтүү программалары менен тааныша алышат», – деп билдирди О! мобилдик операторунун персонал менен иштөө боюнча кызматтын жетекчиси Назгуль Джанузакова.
Көргөзмө Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунда 23-апрелде 11:00дө Бишкек ш., Аалы Токомбаев көч., 7/6 (12-кичирайон) дарегинде өтөт.
Иш-чарага катышуу үчүн бул жерден каттоодон өтүү керек.
Компаниядагы бош орундар менен расмий сайттан www.o.kg таанышыңыздар.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Батыраак O!Store'го: аксессуарларга –31% жана Honor'дон сонун белектер

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
Бардык жаңылыктар