О! Мобилдик оператору 5G технологиясы тууралуу уламыштар менен фейктер жүрүп жаткандыгын эскертет
Кыргызстандын аймагындагы COVID-19 илдетинин жайылышына 5G технологиясынын тиешеси тууралуу уламыштар менен фейк маалыматтарды таратуу учурлары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу О! Мобилдик оператору #5Gинфо хэштеги менен бешинчи муундун технологиясына тиешелүү баарын камтыган чыгарылыштарды жарыялоону баштады.
#1- чыгарылыш
5G ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН ЗЫЯНЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ – ФЕЙК.
Биринчиден жана эң башкысы, Кыргызстанда бул технология иштебейт. Бул КРнын Мамлекеттик байланыш агенттигинин билдирүүсү. Уюлдук операторлорунун азырынча регулятордун уруксатысыз 5G түйүнүнүн жабдууларын орнотууга жана ишке киргизүүгө укуктары жок.
Экинчиден, О! Мобилдик оператору жаңы технологияны ишке киргизбегендигин расмий түрдө билдирет.
ФАКТ: ВИРУСТАР РАДИО ЖАНА МОБИЛДИК ТҮЙҮНДӨР АРКЫЛУУ САЯКАТТАЙ АЛБАЙТ
Көңүлүңүздөрдү өзгөчө ДССУнун (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун) фактыларына, илимий маалыматтарына жана расмий билдирүүсүнө буруңуздар. Вирустар радиотолкундар жана мобилдик түйүндөр аркылуу саякаттай алышпайт. Мисалы, 5G жабдууларын киргизүүгө аракет кылбаган Иранда коронавирустун тез жайылышы. Ошол эле учурда 5G түйүндөрүнүн саны боюнча дүйнө жүзүндөгү ири мамлекет болуп саналган Түштүк Корея коомдук саламаттык сактоо чараларынын жардамы менен эле илдетти ооздуктай алды. COVID-19 илдети 5G камтуусу болбогон көптөгөн өлкөлөргө жайылып жатат жана жаңы технологияларды ишке киргизүү менен илдеттин жайылуусунун ортосунда эч кандай байланыш жок.
COVID-19 илдети ооруга кабылган киши жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөгөндө аба аркылуу жугат. Кишилер илдетти кир жерлерди кармап, андан кийин көзүн ушалап, оозун же мурдун кармаганда жуктуруп алышы мүмкүн. Коргонуунун ишенимдүү ыкмалары мурункудай эле 1,5-2 метрлик социалдык аралыкты сактоо, беткаптарды тагынуу, ошондой эле колдорду самын менен жууп же антисептик менен тазалоо болуп саналат.
Такталбаган маалыматтарга ишенбеңиздер жана сиздерди жаңылтууга аракет кылгандарга жол бербеңиздер.
Расмий билдирүүлөргө гана ишениңиздер, COVID-19 илдетинин жайылышы тууралуу суроолор боюнча ыкчам маалыматтарды расмий ишенимдүү булактардан алыңыздар ➡ «КРнын COVID-19 боюнча Штабынын» Telegram-каналы