Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору бардык байланыш кызматкерлерин 7-май Кыргызстандын байланыш жана телерадиоберүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!
1895-жылы Александр Попов тарабынан радиобайланыштын алгачкы сеансы демонстрацияланган күндөн бери бир кылымдан ашык мезгил өттү. Технологиялар өзгөрүп, азыркы учурда байланыш – салттуу теле- жана радиоберүү заманбап маалымат өткөрүү технологиялары менен айкалышкан көп кырдуу тармактардын бири.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өлкөнүн жашоочулары үчүн байланышты эң жаңы технологиялар камсыздайт, жана О! Мобилдик оператору инновациялардын башатында тургандыгы менен сыймыктанат.
Азыркы байланыш кызматкерлеринин адистиктери көп кырдуу, бирок алардын баарын маалымат өткөрүү тутумдарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо боюнча жоопкерчилик бириктирип турат. Байланыш жабдуулары нөшөрлөгөн жаанда да, карда да, бороондо да көңүл бурууну талап кылат, андыктан телекомдогу техникалык адистердин иши абдан эле оор жана күн-түнгө карабайт. Бул ишти аткарган кызматкерлер ысыктан да, сууктан да коркушпайт. Алар өздөрүнүн милдетин жакшы түшүнүү менен, байланыш кызматтарын максималдуу кыска убакыттын ичинде калыбына келтирүү үчүн ишке дайым даяр турушат.
Биз дүйнө жүзүнүн ар кайсы бурчундагы жакындарыбыз, досторубуз, кесиптештерибиз менен күн сайын сүйлөшүп турабыз. Бул мүмкүнчүлүксүз жашообузду элестетүү кыйын. Ушул себептүү, радио жана байланыш күнү ар бирибиз үчүн чоң мааниге ээ.
Урматтуу байланыш кызматкерлери,
жашооңуздардын ар бир жыштыгында жагымдуу кабарлар гана угулуп турсун, эң башкысы – кымбат адамдарыңыздар менен ар дайым байланышта болуп, прогресстин бардык жетишкендиктерин ырахат менен колдонушунуздарга тилектешпиз.
Ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз!
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Май майрамдарына чейин кошконго жетишип калыңыз: үй-бүлөңүз ар дайым байланышта жана көптөгөн көңүл ачуулар бар!
Бардык жаңылыктар