Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Улуу Ата Мекендик согушта Жеңишти майрамдоого арналган жыл сайын өткөрүлчү кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгын маалымдайт. 9-майда О!нун абоненттеринен өз каалоосу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо фондуна акча каражаттарын чогултууга багытталган кайрымдуулук акциясы аяктады.
12-апрелден тартып О!нун абоненттери 1945 кыска номерине жалпы суммасы 137 840 сомго 6892 SMS жөнөтүшкөн.
«Компанияга ишенгендиги жана салт болуп калган акцияга активдүү катышкандыгы үчүн абоненттерибизге чоң рахмат айтабыз. Дагы бир жолу көмөк көрсөтүп, ардагерлерди колдонгондугу үчүн кардарларыбызга ыраазыбыз. Биз, өз кезегибизде, каражаттарды Ардагерлердин республикалык жана шаардык кеңеши менен биргеликте түзүлгөн тизме боюнча ардагерлерге жеткирүүгө кепилдик беребиз», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Ардагерлерге каражаттарды берүү боюнча салтанаттуу иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин тизмесине ылайык майдын аягында өтөт.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! командасынын аракети менен Бишкекте дагы бир жашыл аймак пайда болду

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!
Бардык жаңылыктар